Баткен: Геревшин жайлоосуна эс алууга барган тургунга ок тийип каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусундагы Геревшин жайлоосуна эс алууга барган тургун октон жараат алып каза тапты. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну 11-июлда таанышы менен аталган жайлоого эс алганы барып, чабандын үйүнө жайгашкан.

Милициядан 12-июлда саат 14:30 чамасында «чабан үйүнүн ичинде ок атуучу куралын октоп жатканда ал кокусунан атылып кетип, эшиктин алдынан өтүп бараткан тургунга тийгенин» айтышты.

Октон жараат алган тургунду Курбака участкасындагы аскерлерге алып барышкан. Ал жактан медициналык жардам алган соң ооруканага бара жатышканда тургун алган жараатынан улам Ош — Исфана жолунда каза болгон.

Окуя тууралуу милицияга Баткен облустук ооруканасынан кабарлашкан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталды.