Ош: Коляскадагы баланы багажникке салып алган таксист кармалды

Сүрөт: Азамат Ормокеев

Ош шаарында коляскадагы жаш баланы унаанын багажнигине салып алган таксист кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБдин кайгуул кызматы билдирди.

Милициядан ага «Адам ташуу эрежелерин бузуу» беренеси менен протокол түзүлүп, айып пул салынганын айтышты.

13-июлда жергиликтүү активист Азамат Ормокеев калаанын Абсамат Масалиев көчөсүнөн сүрөт жарыялаган. Анда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын жүк ташуучу бөлүгүнө коляскадагы жаш бала салынганы тартылган.

Сүрөттөн колясканын бир бөлүгү унаанын сыртына чыгып калганын көрүүгө болот. Мындан улам жаш баланын коопсуздугу сакталган эмес.

Ормокеев бул окуя боюнча «айдоочу сөзсүз түрдө жазага тартылышы керек» деп белгилеген.