Президенттин администрациясы Өкмөт үйүнүн фасадын оңдоп жатат

Президенттик администрация Бишкекте Өкмөт үйүнүн фасадын оңдой баштады. Бул тууралуу Peshcom жарандык демилгеси билдирди.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына фасадды жаңылоо — «имараттын бир бөлүгүн пландык оңдоо» деп айтышты.

«[Өкмөт үйүнүн имараты] өткөн кылымдын 1960-жылдарынан бери пайдаланылып келет, андан бери тышын капиталдык оңдоп түзөө болгон эмес», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Оңдоо иши кайсы каражатка жасалып жатканы белгисиз. Президенттик администрациядан бул боюнча кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылышты.

Президенттик администрация эски аянттагы Өкмөт үйүнүн имаратына президент Садыр Жапаровдун демилгеси көчкөн. Имараттын тышын ондоп баштаганга чейин эски аянтка жаңы асфальт төшөлүп, имараттын айланасы жакшыртылган.

Ал арада кайрадан эле Жапаровдун демилгеси менен Бишкектин түштүк бөлүгүндө Президенттик администрациясынын жаңы имараты салуу үчүн жер бөлүнгөн.

Апрелде президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Президенттик администрациянын жаңы имаратын салуу Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе экенин билдирген. Ошондой эле, имарат курулса кандай гана чет элдик делегация болбосун ал жерде кабыл алуу «уят болбойт» деп айткан.