Бул материал «Пикирлер» бөлүмүндө жарыяланды. Андагы ой автордун жеке пикири болуп саналат.

«Азаттык» радиосу кызматкеринин үйлөнүү тоюна репутациясы күмөн санаткан бир нече саясатчынын чакырылышынын чоо-жайын териштирбейт. Алардын катарында ЖМКга жөнү жок асылып аты чыккан вице-премьер-министр Эдил Байсалов, коррупцияга аралашканын мойнуна алган бажычы Райымбек Матраимовго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Элнура Алканова да бар. «Азаттыктын» Прагадагы кеңсеси булардын журналист менен «достук катышы бар» деп айтышты. Бирок журналистиканы түккө теңебей, керек болсо тыюу салууга жан үрөгөндөр менен журналист дос болушу мүмкүнбү?

«Азаттыктын» журналистти Марат Тагаевдин үйлөнү тою 25-июнь күнү, Бишкектеги Palazzo ресторанында өткөн. Коноктордун катарында Байсалов менен Алканова дагы жүрдү. Буга Алканованын акыры посттору далил.

Элнуранын постунан скриншот

Алканова Фейсбукка жүктөгөн сүрөт, видеолордон бир катар белгилүү саясатчыларды көрүүгө болот, ал эми вице-премьер-министр Байсалов өтө сыйлуу конок болгону байкалып турат.

Анын статусун эске алганда, таң кала турган эч нерсе жок. Анан албетте эки жаш үчүн кубанып деле койсо болот, анткени турмуш жолун жаңы баштаганда ушундай «административдик ресурс» өзү бата тилеп турса. Бирок, бул жерде эки «но» бар.

Марат Тагаев — Кыргызстандагы көзкарандысыз, бийликтеги кызмат абалынан кыянат пайдаланган саясатчыларды иликтеген ЖМКнын кызматкери. Ал эми Байсалов менен Алканова — репутациясы кызуу талкуу жараткан саясатчылар.

Бут кийимин алмаштыруу боюнча мелдеш

2005-жылдагы «жоогазын революциясынын» катышуучусу Эдил Байсалов укук коргоочу бөйөкмөт уюмдардын активисти катары таанылган. Аз убакыт чиновниктердин коррупциясын иликтеп да жүргөн. Бирок андан кийин, атактуулугун өзү сындап жүргөндөрдүн арасындагы жылуу-жумшак орунга алмаштырган. Алгач Улуу Британияга элчи болсо, андан соң өкмөттүн төрагасынын орун басарлыгына барып, журналисттерди жана бейөкмөт уюмдарды жаман атуу кыла баштаган.

Эми бир кездеги революционердин жүрүм-туруму кароолчу-чиновниктин карикатурасын эске салууда. Байсалов азыр парламенттин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салууга чакырып жатат. Болбосо бир кезде өзү да ушундай эле митингдерге активдүү катышып, ал тургай өзү да уюштуруп жүргөн. Эми ал өкмөт «президенттин саясатын колдогон» депутаттар менен гана иштешет, мамлекеттик органдардын дарегине «жалган айтып, жалаа жаппаган» коомдук уюмдар менен гана мамиле кылат деп айтып чыкты. Президент Садыр Жапаровдун ансыз да иретсиз Бишкекте өзүнүн администрациясы үчүн көз жоосун алган хансарай куруу планын, өлкөнүн «бедел-баркын арттыруу» деп актап жатат. Ал эми өзүнүн жетекчиси, премьер-министр Акылбек Жапаровго «вазир» деп кошомат айтып жүрөт. Ал тургай, өзү көзөмөлдөгөн социалдык маселелерге келгенде жарандардын пенсия курагын жогорулатабыз деп опурулду.

Өзү бейөкмөт уюмдардын активистти болуп жүргөндө көп ирет жардам колун сунган журналисттерга карата мамилеси дагы 180 градуска бурулду. Азыр чиновник журналисттерди бийлик өкүлдөрүнүн кылмыштары жөнүндө жазат деп айыптап жатат. Өкмөт мүчөлөрүнүн логикасына таянсак, туристтерди кылмыштар эмес, кылмышты ашкерелеп жазган кабарлар Кыргызстандан качырып жатыптыр. 13 жаштагы кызды милиция кызматкерлери зордуктап, бүтүндөй өлкөнүн жаалы кайнап турганда, Байсалов буга жазып чыккан журналисттерди айыптап, жарандардын маанайын буздуңар деди.

Элнура Алканова да ушундай эле жолду басып өткөн. Ал «Клооптун» жана «Азаттыктын» мурдагы журналисти, «Фергана», OCCRP жана «Бешинчи канал» менен кызматташкан. Бир учурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары, кийин сот коррупция боюнча күнөөлүү деп тапкан Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу иликтөө жасаган. Ал тургай Алканова иликтөөлөрү үчүн сый акы катары Катардын шейхи Тамим бин Хамад аль-Таниден 125 миң доллар алган.

Көрсө Алканованын өзүнүн ошол маалда Матраимов менен байланышы бар экен. Кийинчерээк аны сыйлыкка көркөткөн OpenDemocracy сайты өкүнүчүн билдирип, Алканова соцтүйүндөрдө Матраимовду актоочу троллдор фабрикасын башкарып жүргөнүн билдирген. Алканова 2020-жылы Матраимовдун фонду менен кызматташып жүргөнүн мойнуна алып, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер экенин жарыялаган.

«Үйлөнүү тойдун бизге тиешеси жок»

«Азаттыктын» кызматкеринин үйлөнүү тоюунда тартылган сүрөттөр журналист кесиптештерин таң калтырды. Көз карандысыз ЖМКнын кызматкеринин үй-бүлөлүк майрамына саясатчылардын чакырылышы — бул кызыкчылыктар кагылышы: аларды конокко чакырган журналисттин саясий темадагы жаңылыктарына окурмандар журту ишеним арта албай калат. Айрыкча сөз Кыргызстанда журналистиканын баркын кетирип, аны думшман көрсөтүп, тыйганга аракет кылып жаткандар тууралуу болуп жатканда.

«Менин оюмча бул аша чапкандык, — деп жазган Фейсбукка “Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко. — Эгер менин редакциямда үйлөнү тоюна саясатчыларды чакырган журналист иштесе, дароо жумуштан кетмек. Бул кызыкчылыктардын өтө чоң кагылышы» деген ал.

Сүрөттөрдүн автору Элнура Алканова комментарийлерде үйлөнүү тойго мындай коноктордун чакырылышы журналисттин кесиптик ишмердигине эч кандай тиешеси жок, бул анын «жеке жашоосу» деп актанууга аракет кылган. Бирок кийин ал посттун өчүрүп салган.

Башында бул «Азаттыктын» өзүндө дагы суроолорду пайда кылган. Кызматкерлери кесиптештерге ички иликтөө даярдалып жатканын айтышкан. Ал эми «Азаттыктын» Прагадагы кеңсесинин директору Венера Жуматаева Твиттердеги барагына, редакция буга юристер менен кеңешкенден кийин чара көрөт деп жазган.

Бирок эки жума өткөндөн кийин «Азаттыктын» продюссери Гүлайым Ашакеева «Клоопко» иликтөө болбойт деп билдирген.

«Биз эч нерсе кылган жокпуз — бул анын жеке жашоосу, жеке тою, анын бизге жана кесиптик ишмердигине да тиешеси жок», — деп билдирген ал.

«Байсалов да адам да?»

Ашакееванын айтымында, «Азаттыктын» Матраимовдорго байланыштуу, Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу иликтөөсү чыккан кезде Марат Тагаев редакцияда иштечү эмес. Бул Матраимовду коомчулук алдында ачык коргогон журналистти жана өз ишин аткарбай жатат деп ЖМКны айыптаган саясатчыны конокко чакырууга жол берет деп эсептейт продюсер.

Кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу суроого Гүлайым Ашакеева Алканова, Байсалов жана башка саясатчылар Тагаевдин «достору» деп жооп берди. «Бул анын жеке коноктору, Алканова, Байсалов жана башка саясатчылар менен жакын мамилеси бар. Бул жеке өзүнүн үйлөнүү тою, алар жакын достордон, алардын мамилеси кандай экенин билбейм», — деп айтты продюсер.

«Байсалов да адам да?. Анын да достору бар. Балким алар дос чыгар. Балким көптөн бери, балким тууган болушат... Айта албайм. Бирок Байсалов да адам, ал дагы кайсы бир жактарга, тойлорго, үйлөнүү тойго же өлүм-житимге барганга укугу бар», — деген Ашакеева.

Биз баарыбыз адамбыз. Чындап келсе, Байсаловдун салтын улап андай болгула, мындай болгула деп кесиптештерге насаат айткыбыз да келбейт. Ошентсе да, «Азаттыктын» өзүнүн сайтында жарыяланган миссиясынан цитата келтирүүгө уруксат этиңиздер.

«Азаттыктын» кызматкерлери жана башка анын берүүлөрү менен жарык көрчү материалдарына салым кошуп жаткан адистери жүрүм-турумдарында эң жогорку деңгээлдеги адеп-ахлактык стандартты карманышы керек. Алар берүү аймагынын алкагындагы же андан сырткаркы жерлердеги жеке адамдар, топтор, саясий же соода-сатыктык кызыкчылыктары бар жактар менен алака жүргүзгөн маалда өздөрүнүн кызматтык ишине кайчы келе турган же ошондой белги камтылган ар кандай учурлардан өзүн обочо кармоого астейдил көңүл бурууга тийиш.  «Азаттыктын» кызматкерлери жана башка анын берүүлөрү менен жарык көрчү материалдарына салым кошуп жаткан адистери өздөрүнүн коомдук ишмер катары макамына жана  «Азаттыктын» дурус беделине өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөө менен көлөкө түшүрбөшү керек.