Сузакта мурдагы күйөөсү «өлтүргөн» аялдын апасы: Ажырашса деле коё бербей жүргөн

Маркум Одина Тажибаева жана апасы. Сүрөт: Azattyk

23-июнда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургуну аялын өлтүрүп, короосуна көмүп салган деген шек менен кармалган. Шектүү «кызганычтан улам» аялын муунтуп өлтүргөнүн айтып берген. «Азаттык» үналгысы окуя боюнча шектүүнүн жана маркумдун жакындарынан комментарий алды.

Дисклеймер: Бул материалда үрөй учурган окуя баяндалат. Эгерде бул сизге жагымсыз сезимдерди тартууласа, макаланы окуудан баш тарканыңыз оң.

«Мурдагы күйөөсү»

Маркум Одина Тажибаева 25 жашта болгон. Ал шектүү менен 4 жыл мурда ажырашып, эки уулу менен төркүнүндө жашап жаткан.

Тажибаеванын апасы мурдагы күйөө баласы өзү башка үй-бүлө курганына карабай кызын коё бербей келгенин айтат. Окуя болгон күнү да аны үйүнөн алып чыгып кеткен.

«Кызым нан жапкан жерде күнүмдүк кара жумушта иштеп жаткан. Ошол учурда күйөөсү “ким менен кетип жатасың” деп кызганып, жаңжалдашчу экен. Акыркы жолу үйдө кызыма: “Тамак же”, — десем, курсагым ток деп жатып алган. Ошол түнү күйөө бала келип алып чыгып кетиптир. [...] Эртеси күнү келип менден кызымды сурап коёт, көрсө өзү өлтүрүп коюп билмексен болуп сураган экен», — деди ал.

Ал эми шектүүнүн бир тууган иниси окуяга анын жубайы күбө болгонун айтат. Келин кайнагасы аялды короого көмүп жатканын көрүп, укук коргоо органдарына кабарлаган.

«Мага келинчегим телефон чалып “агаңыз аялын короого көмүп жатат” деди. Ошондо мен “милицияга чалып, окуяны толук айтып бер” дедим. Короодо болуп жаткан окуяны үйдөгү апам да көргөн эмес. Акем өзү короодо жерди казып көмүптүр, окуяга күбө болгон келинчегиме “эч кимге айтпа” деген. Агамдын мындай жолго барганына ишенбей жатабыз», — дейт ал.

Шектүүнүн апасы болсо «уулунун бул ишти жасаганына ишенбей турганын айтып», окуяга маркумдун өзүн күнөөлөдү.

«Келиним көптөн бери апасынын үйүндө жашап биздикине келбей койгон. Бирок балам ошол жакка барып жашап жүрдү. Балам өлтүрдү деп айта албайм. Анткени келиним башка эркектер менен да байланышып жүргөн. Ошолор өлтүрүп коюп балама оодарып жатышат. Ал эми сөөк үйгө көмүлгөнү боюнча — баламды коркутуп көндүрүшкөн деп ойлойм», — дейт ал.

«Он жылдан кийин чыксам да өлтүрөм»

Анткен менен маркум Одина Тажибаеванын апасы убактылуу кармоочу жайдагы шектүү телефон чалып, аларды коркутуп, опузалап жатканын айтты.

«Түрмөдө жатып алып балама чалып “10 жылдан кийин чыксам да силерди өлтүрөм” деп коркутуп жатыптыр», — деди ал.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБден коркутуу фактысы боюнча милицияга арыз жазылса, «кылмыш ишине кошо тергелет» деп убадалады.

Учурда Тажибаеванын артында эки жаш баласы калды. Алар тай энесинин колунда. Сузак РИИБи «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.

Кыргызстандагы фемицид

2021-жылы Кыргызстан Борбор Азияда аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган. Өлкөдө эркектер аялдарды уурдап, зордуктап, өлтүрүп, көп учурда жазасыз калышат.

Ошондой эле Кыргызстанда аялдар көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Акыркы жылдарда жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун миңдеген фактылары катталып жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2021-жылы 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул үй-бүлөлүк зомбулук 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көбөйдү дегенди билдирет.

Мындан сырткары, көпчүлүк фактылар жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча кенен экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштер айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан жоопкерчиликке тартылбай турганын билген агрессорлор аялдарын өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттери Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөө жүргүзүп, аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табаарын аныкташкан — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.


Кененирээк окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү