«Короосуна көмүп салган». Сузактын тургуну аялын муунтуп өлтүрүүгө шектелип кармалды

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунунун тургуну аялын муунтуп өлтүрүп, короосуна көмүп салган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү саат 21:40 чамасында милицияга Киров айылынын 31 жаштагы тургуну «уруштун айынан» 25 жаштагы аялын өлтүрүп салганын кабарлаган. Ал 23-июнга карган түнү «кызганычтан улам» аялын колу менен муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп салганын айтып берген.

Кармалган шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБи

Жерине барган милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, короонун тушук-чыгышынан аялдын сөөгүн табышкан. Андан соң соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн адистерге өткөрүп беришкен.

Бул боюнча Сузак райондук ички иштер башкармалыгы «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүнү кармады. Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Нарын районунун Алыш айылынын тургуну жубайы менен уруша кетип, келинине болушкан атасына бычак сайып өлтүргөн. Шектүүгө карата «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргызстанда жыл өткөн сайын үй-бүлөлүк зомбулук фактылар көп катталып жатат. ИИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылы 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган, бул 2020-жылга салыштырмаалуу 12%га көп.

Зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.

Тема боюнча:

«Аксакал келинине болушкан». Нарындын тургуну атасынын өлүмүнө шектелип кармалды

ИИМ: Өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды