Ысык-Көл: Казакстандын жеңил атлетика боюнча машыктыруучусун унаа коюп кетти

Ысык-Көл районунун Бостери айылында «Лексус-330» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу велосипед тээп бара жаткан казак жаранын коюп кетти. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 16-июлда саат 07:40 чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 97-чакырымында болгон.

«Лексус-330» үлгүсүндөгү унанын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй бара жатып, «Ниссан-Микра» үлгүсүндөгү унааны капталга сүзүп өткөн. Андан соң жол жээгинде келе жаткан Казакстандын 58 жаштагы жаранын коюп кеткен.

Жерине барган райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу казак жаранын коюп кеткен унаанын айдоочусу Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну экенин аныкташкан.

Бул факты райондук милициянын электрондук журналына катталып, материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Айдоочунун алкоголь ичимдигин ичкен-ичпегенин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

Окуя болгон күнү Меруерт Достаева аттуу Инстагарм колдонуучусу окуянын видеосун жарыялап, айдоочу мас абалда болгонун жазган. Анын айтымында, каза болгон кишинин аты-жөнү — Марат Жузгенбаев. Ал Алматы облусунда жеңил атлетика боюнча машыктыруучу болуп иштечү.