Орусияда кароосуз калган алты өспүрүм Кыргызстанга алып келинди

Орусияда кароосуз калган кыргызстандык алты өспүрүм 16-июлда өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.

Элчиликтен Орусиянын тиешелүү органдары менен бирге балдарды мекенине кайтаруу боюнча бардык керектүү документтерди даярдоого көмөк көрсөткөнүн белгилешти.

«Мындан ары да жашы жете элек кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин улантабыз», — дешти элчиликтен.

Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанга кайтарылган балдар биологиялык үй-бүлөлөрү аныкталган соң, туугандарына өткөрүлүп берилерин белгилешти.

Министрликтен эгер балдардын туугандарын табуу мүмкүн болбосо, асырап алууга берүү маселеси караларын кошумчалашты.

Өткөн жылы Орусияда жана Казакстанда кароосуз калган кыргызстандык 16 өспүрүм өлкөгө алып келинген. Ички иштер министрлиги өспүрүмдөр туугандарына өткөрүлүп берилерин белгилешкен.

ИИМдин маалыматына ылайык, жыл сайын 1 200дөн ашык кароосуз калган кыргызстандык өспүрүм өлкөгө жеткирилип турат.

Тема боюнча:

ИИМ: Чет өлкөдө кароосуз калган 16 өспүрүм Кыргызстанга алып келинди