ИИМ: Чет өлкөдө кароосуз калган 16 өспүрүм Кыргызстанга алып келинди

2021-жылдын 11 ай ичинде чет мамлекеттерден кароосуз калган 16 кыргызстандык өспүрүм өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кароосуз жүргөн балдардын үчөө кыз болсо, 13ү эркек. Өспүрүмдөрдүн экөө Казакстандан, калганы Орусиядан алынып келинди.

«ИИМдин Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна 3 жаштан 18 жашка чейинки адашкан, үйдөн жана балдар мекемелеринен ɵз алдынча кетип калган, издɵɵдɵ жүргɵн жана ата-энелери же багып алган адамдары жок, мамлекеттин жардамына муктаж болгон жашы жете электер жеткирилди», — деп жазылат билдирүүдө.

Министрлик өлкөгө алып келинген өспүрүмдөр жашоо-шарты, чет жерге кетип калуусунун себеби аныкталган соң, туугандарына өткөрүлүп берилгенин белгилешти.

Ошондой эле, ведомство өспүрүмдөрдүн аты-жөнүн, ата-энесинин ким экенин тактоо үчүн Орусия, Казакстан жана Өзбекстандагы атайын борборлор менен иш алып барарын, жылына 1 200дөн ашык өспүрүм өлкөгө жеткирилип турарын кошумчалады.

Буга чейин, 3-майда эки жаштан беш жашка чейинки кароосуз калган алты бала Орусиядан Кыргызстанга алынып келинген. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин ошол кездеги орун басары Ализа Солтонбекова алар балдар үйүндө экенин белгилеп, социалдык кызматкерлер кароосуз калгандардын туугандарын издеп жатканын айткан.

Ал эми 7-октябрда кароосуз калган эки өспүрүм Казакстандан алынып келинсе, 17-октябрда дагы жети өспүрүм Орусиядан алынып келинген.

Тема боюнча:

Москвада үйдө жалгыз калган эки кыргызстандык наристе өрттөн каза болду