Ысык-Көлдө бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бильярддын «Эркин пирамида» түрү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпионаты башталды. Ага 20га чукул мамлекеттин 200гө жакын спортчусу катышууда.

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, чемпионаттын ачылышына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Эл аралык «Пирамида» бильярд конфедерациясынын президенти Павел Завальный катышты.

Ачылышта Жаманкулов сөз сүйлөп, өлкөгө бильярд боюнча мыкты спортчулардын келиши чоң сыймык экенин билдирди.

«Бильярд оюну нагыз күчтүүлөрдүн оюну. Физикалык даярдыктан тышкары моралдык туруктуулукту жана жогорку маданиятты талап кылат. Чемпионатты жогорку деңгээлде уюштуруу менен сиздердин эсиңиздерде кала турган иш-чарага айландыруу максатын көздөйбүз», — деди ал.

Министрликтен дүйнө чемпионаты 20-июлда жыйынтыкталарын кошумчалашты.

Ысык-Көлдө 12-июлдан 16-июлга чейин бильярддын ушул эле түрү боюнча 19 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатынын биринчилиги өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Түркменстан жана Беларустан келген спротчулар катышкан.