Дөө Чыңгыз атыккан кримтөбөл 7-сентябрга чейин тергөө абагында калтырылды

Дөө деген каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов 7-сентябрга чейин Бишкектин ТИЗО-1де калтырылды. Чечимди Бишкектин биринчи май райондук соту чыгарды.

Жумагулов кармалганын 15-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирген.

УКМКдан Жумагулов уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана жеке ишкерлерден көп убакыттан бери өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалалоого шектелип кармалганын билдиришкен.

Кримтөбөл кармалганга чейин 8-июлда бир катар басылмалар Жумагулов менен УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын ортосунда атышуу болгонун жазып чыгышкан. Алардын маалыматына ылайык, спецназ кримтөбөлдү кармоого аракет кылган, бирок ал качып кеткен.

Кийин күч кызматкерлерин салып келген кичи автобус жолтандабастын жолун тороп токтоп, андагы аскер формачан адамдар жолтандабастын эшигин ачууга аракет кылышканы тартылып калган видео пайда болгон. Бирок жолтандабастын айдоочусу ал жерден качып, изин суутуп кеткен.

Ал эми эртеси күнү УКМК Жумагуловду кармоо аракети жана ок атышуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбесин билдирген. Алардын маалыматына ылайык, 8-иблда Чүй облусунда УКТ мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Кийин активист Атай Бейшенбек уулу Фейсбук барагына кыска видео жарыялаган, андан кримтөбөл УКМКга өзү келгенин көрүүгө болот.

Видеого Жумагулов кол кишени жок эле бир нече адамдын коштоосунда УКМКны көздөй баратканы тартылган.

Чыңгыз Жумагулов

Чыңгыз Жумагулов крим дүйнөсүндө «Дөө» деген каймана аты менен таанымал. Ал «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары белгилүү «Камчы Көлбаевдин УКТсынын жигердүү мүчөсү» деп аталып жүрөт. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Көлбаевди Кыргызстанда «кылмыш дүйнөсүнүн анабашчысы» экенин айткан.