УКМК: Кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалып, ТИЗОго киргизилди

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

«Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов 15-июлда Бишкек шаарында кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана жеке ишкерлерден көп убакыттан бери өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалалоого шектелүүдө.

Жумагулов УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди.

Атайын кызматтан Жумагуловдун мыйзамсыз аракетинен жабыркагандар болсо 0312 640 475 номерине кайрылса болорун эскертишти.

«Дөө Чыңгызды» кармоо

8-июлда бир катар басылмалар кирмтөбөл Чыңгыз Жумагулов менен УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын ортосунда атышуу болгонун жазып чыгышкан. Алардын маалыматына ылайык, спецназ кримтөбөлдү кармоого аракет кылган, бирок ал качып кеткен. Анда Жумагуловго ок тийгени да айтылган.

Ал эми эртеси күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жумагуловду кармоо аракети жана ок атышуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирген.

Бирок атайын кызмат 8-июлда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо иш-чаралары жүргүзүлгөнүн четке каккан эмес.

Андан соң соцтүйүндө УКМКнын талаптарына баш ийбей кетип калган унаанын айдоочусу менен Жумагуловду кармоого ИИМ тарабынан берилген багыттык маалымкаттын сүрөтү таркаган. Маалымкатта Жумагулов «Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү» катары көрсөтүлгөн.

Бирок ИИМдин өкүлү Тилек Оторов Жумагуловду кармоого багыттык маалымкат берилбегенин айткан. Ал соцтүйүндөрдө тараган маалымкаттын сүрөтү «эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес» деп эскерткен.

Жумагулов жана ага козголгон кылмыш иштери

Чыңгыз Жумагулов «Камчы Көлбаевдин УКТсынын жигердүү мүчөсү» деп аталып жүрөт. Бирок ал кылмыш дүйнөсү жана Көлбаев менен байланышы бар деген маалыматты төгүндөгөн. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Көлбаевди Кыргызстанда «кылмыш дүйнөсүнүн анабашчысы» экенин айткан.

«Дөө Чыңгыз» 2017-жылы «Адам өлтүрүү аракетин уюштуруу» беренеси менен 18-жылга кесилген. Бирок 2018-жылдын башында сот Жумагуловду тийиштүү мөөнөттөн мурда бошоткон.

Ал эми 2019-жылдын апрелинде Жумагулов башка адамдар менен бирге эки кишини аёосуз сабоого шектелип кармалган. Кийин жабыркаган эки адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Жабыркагандар менен кармалгандар УКТ мүчөлөрү болгону кабарланган.

2020-жылдын 19-июнунда Биринчи май райондук соту Жумагуловду «Ээнбаштык» беренеси менен күнөөлү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ал эми «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» жана «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу» беренелери боюнча актаган.

2021-жылдын 12-июлунда Жумагулов жаза мөөнөтү аяктап, абактан чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын билдирген.

Мындан сырткары, Жумагулов президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлүмүнө байланышкан иште шектүүлөрдүн бири болгон.

Тема боюнча:

УКМК: Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоо жана атышуу болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

ИИМ кримтөбөл «Дөө Чыңгызды» кармоого багыттык маалымкат бербегенин билдирди