ӨКМ: Чүй облусунда фермада чыккан өрттөн 223 бука, 30 миң түк күйүп кетти

17-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районунда фермада чыккан өрттөн 223 баш бука, 30 миң түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу 18-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, өрт чалган ферманын жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метр. Өрттү өчүрүүгө ӨКМ башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов баштаган ыкчам топ барганы айтылды.

Андан тышкары ири өрттү өчүрүүгө аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмү, жети өрт өчүрүүчү бригада, «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, «Газ чарба» кызматынан, райондук электр тармактары ишканасынан кошумча бригада тартылганы кошумчаланды.

Өрт түнкү саат 02:03 чамасында чектөөгө алынып, азыркы тапта толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Буга чейин үстубуздөгү жылдын 5-июлда Бишкектеги «Дордой» базарында өрт чыгып, 42 контейнер жана тогуз күркөн күйгөн.

Маалыматка ылайык, «кытай катары» деп аталган катардагы жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзгөн металлдан курулган соода түйүнү күйгөн. Мындан тышкары, тез тамактануу, шаурма жана суусундук сатуучу тогуз күркө өрттөнүп кеткен.