ӨКМ: Ысык-Көл облусунда май айындагы жуттан 1500дөн ашуун мал кырылган

Үстүбүздөгү жылдын май айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорундагы жайлоодо калың жааган кардын кесепетинен жалпы 1538 мал өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев 18-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 29-31-май күндөрү жайлоодо калың жааган кардан 256 бодо мал, 55 баш жылкы жана 1218 баш майда мал өлгөн. Кырсыктын кесепетинен жалпы келтирилген чыгым 125 миллион сомду түзгөн.

«Ысык-Көл облусунда катуу жаан жаап, андан кийин кар жаады. 30-майда жай келип, мал-жандыктар жайыттарга чыккан болчу. Ага чейин жазында малдын жүнү кыркылган болчу. Анан тоодо кар жаап салып, суук болгондо малдар өлгөн. Биз эки райондун жайыттарына барчу жолдорду тазалап, малга чөптү жеткирүү боюнча аркетибизди жасадык», — деди Ажыкеев.

Жети-Өгүз районунда калың жааган кар

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында ӨКМдин Каракол шаарындагы кызматкери Адис Кыдыкбаев Жети-Өгүз районунун жайыттарында 20дан ашык аркардын жана 2300гө жакын ача туяктуу малдын өлүгү табылганын билдирген.

Кыдыкбаевдин айтымында, Жети-Өгүз районунун Кумтөргө жакын сырт тарабында 1,5 метрлик кар жааган. Ал кар калың түшкөндүктөн ал жерде жайлаган жаныбарларга оттоп, жем тапканга кыйын болуп калганын белгилеген.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматынан «Клоопко» жаныбарлардын өлүмүнүн так себеби азырынча белгисиз экенин, Ысык-Көл облусундагы коруктун кызматкерлери себептерин изилдеп жатышканын билдиришкен болчу.

Тема боюнча:

Жети-Өгүздө 20дан ашык аркардын жана 2300гө чукул ача туяктуу малдын сөөгү табылды