Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Израилдеги эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Израилде өтүп жаткан «Маккабиада» эл аралык мелдеште кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Петрашов 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүү боюнча биринчи орунду ээледи.

Израилде төрт жылда бир өтүүчү «Маккабиада» эл аралык турнири 12-июлда башталган, эми 26-июлда аяктайт. Анда спорттун 42 түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат. Ага 60 мамлекеттин 10 миңге жакын спортчусу катышууда.

Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Токио Олимпиадасына лицензия алган алгачкы кыргыз спортчусу. Ал 100 жана 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзөт. Токиодо өткөн Олимпиада оюнунда Петрашов 27-орунду ээлеген.

Ал буга чейин 2016-жылдагы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарына катышкан.

Петрашов — сууда сүзүү боюнча Азиянын 2017-2019-жылдардагы чемпиону. 2020-жылы январда Женевада өткөн CIG Challenge турниринде күмүш медалга ээ болгон.