Чек ара кызматы: Чон-Алайда аюу кол салган чек арачы каза тапты

Чоң-Алай району

Ош облусунун Чоң-Алай районунда аюу кол салган аскер кызматкери каза тапты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда окуя 19-июлда болгон. 30 жаштагы аскер Түштүк Бокбашы жерлигинде кызмат өтөп жатканда ага кокусунан аюу кол салган. Кызматкер оор жаракат алган.

Чек ара кызматынан биринчи жардам көрсөтүлгөнүнө карабай аскер каза болуп калганын айтышты.

Ал эми аюу кайдан келгени белгисиз. Учурда Аскер прокуратурасы жана тиешелүү органдар жеринде иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.