Маккабиада-2022: Денис Петрашов дагы бир алтын медалга ээ болду

Израилде өтүп жаткан «Маккабиада-2022» эл аралык мелдешинде кыргыз спортчусу Денис Петрашов брасс стилинде сууда сүзүү боюнча экинчи алтын медалды багындырды. Бул тууралуу мелдештин сайтында жарыяланды.

Спортчу брасс стилинде 100 метрге аралыкка сүзүүдө алтын медаль алды.

Буга чейин 17-июлда Петрашов 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүү боюнча биринчи келип, алтын медалга ээ болгон.

Маккабиада-2022

Маккабиада — төрт жылда бир жолу өтүүчү Олимпиада оюндарына окшош эл аралык мелдеш. Бул жылы мелдеш Израилдин Тель-Авив шаарында өтүүдө. Мелдештер 2022-жылдын 12-июлунан 26-июлга чейин созулат. Ага дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн спортчулар катышып жатат.

Маккабиада Олимпиада жана футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттан кийинки эле дүйнөдөгү үчүнчү ири спорттук мелдеш.

Маккабиада медеши 2021-жылы өтүшү керек болчу, бирок COVID-19 пандемиясынан улам артка жылган.

Денис Петрашов

Петрашов — сууда сүзүү боюнча Азиянын 2017-2019-жылдардагы чемпиону. 2020-жылы январда Женевада өткөн CIG Challenge турниринде күмүш медалга ээ болгон.

Ал сууда сүзүү боюнча Токио Олимпиадасына лицензия алган алгачкы кыргыз спортчусу. Бирок жарым финалга чыга алган эмес.

Ал буга чейин 2016-жылдагы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарына катышкан.

Ушул жылдын февралында спортчу Атланта шаарында өткөн АКШнын Атланта жээги Конференциясындагы мелдеште 200 ярд аралыкка сүзүү боюнча экинчи орунду жеңип алган. Анда Петрашов АКШнын күчтүү делген университеттик командаларынын көрүнүктүү атаандаштары менен күч сынашып 1:51.89— убактысын көрсөткөн.

Материалдын автору Кайрат Бердишалиев.