Саясатчылар чакырылган үлпөт той: Марат Тагаев «Азаттыктан» өз ыктыяры менен кетти

Үйлөнүү тоюна бир нече саясатчыларды чакырган журналист Марат Тагаев «Азаттык» басылмасынан өз ыктыяры менен кетти.

Бул маалыматты «Клооптун» журналисттерине «Азаттыктын» Бишкек бюросунун директору Айзада Касмалиева тастыктады. Анын айтымында, редакция менен Тагаевдин ортосундагы келишим 2022-жылдын 13-июлунда жокко чыккан. Журналисттин тоюу 25-июнда борбор калаадагы Palazzo ресторанында өткөн.

«Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Келишимди бузуу чечими Марат Тагаевдин үйлөнүү тою менен эч кандай байланышы жок», — деди Касмалиева.

Марат Тагаевдин үйлөнүү үлпөтү соцтармактарда кызуу талкууга жем таштаган — тойго чакырылган айрым меймандар колдонуучулардын арасында суроо жараткан.

Ал жерге ар кыл саясатчылар келген: «Ата-Мекен» партиясынын өкүлдөрү жана оппозиционер Равшан Жээнбеков. Алардын катарында ЖМКга жөнү жок асылып аты чыккан вице-премьер-министр Эдил Байсалов, коррупцияга аралашканын мойнуна алган бажычы Райымбек Матраимовго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Элнура Алканова да жүргөн.

Эдил Байсалов укук коргоочу, бөйөкмөт уюмдардын активисти катары таанылып, учурдагы бийликти сындап келген. Бирок Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетине чиновник болуп дайындалгандан кийин, позициясы өзгөргөн. Байсалов журналисттерди бийлик өкүлдөрүнүн кылмыштары тууралуу жазат деп айыптоодо.

Элнура Алканова да ушундай эле жолду басып өткөн. Ал «Клооптун» жана «Азаттыктын» мурдагы журналисти, «Фергана», OCCRP жана «Бешинчи канал» менен кызматташкан.

Журналист болуп турган кезинде, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары, кийин сот коррупция боюнча күнөөлүү деп тапкан Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу иликтөө жасаган. Ал тургай Алканова иликтөөлөрү үчүн сый акы катары Катардын шейхи Тамим бин Хамад аль-Таниден 125 миң доллар алган.

Бирок кийинчерээк ал Матраимовдун активдүү колдоочусу жана коргоочусуна айланып, митингдерди уюштуруп, бажы кызматкеринин сотуна келип, анын коррупцияга аралашпаганын айтып чыккан.