ИИМ үй камагындагыларга электрондук байкоочу билерик салууну сунуштады

Ички иштер министрлиги үй камагындагы айыпталуучуларга электрондук байкоочу билериктерди колдонууну талап кылган токтомдун долбоорун жарыялады.

ИИМ атайын билериктерден тышкары, стационардык жана мобилдик көзөмөл аппараттарын колдонууну сунуштап жатат. Долбоордун маалымкат-негиздемесинде атайын аппараттар айыпталуучуга карата баш бөгөт чарасын кабыл алган сот чечимин көзөмөлдөөгө жардам берет деп айтылат.

Эгер үй камагындагы айыпталуучу билерикти сындырса, анда ал камакка алынышы мүмкүн.

Документте ИИМ атайын аппараттарды 56 млн сомго сатып алууну пландап жатканы айтылат. Бул суммага серверлер, мониторингдин пульттары, аппаратты ишке киргизүү түзмөктөрү, билериктер, мобилдик жана станционардык аппараттар кирет.

Билериктер жана башка атайын аппараттар ИИМден тышкары УКМК, Башкы прокуратура, Жазаларды аткаруу кызматы жана Жогорку сотко өткөрүп берилет.