Караколдо 2 000 орунга ылайыкталган маданий борбор куруу пландалууда

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында маданий борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу 20-июлда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Азырынча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк борбордун болжолдуу эскиздерин талкуулап жатат.

Аянты 4 гектарды ээлеген маданий борбор Карасаев көчөсүндө жайгашып, 2 000 орундук болору айтылды. Имарат концерттерди жана спорттук иш чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылып, ичинде жыйындар залы, китепкана, кафе жана балдар аятчасы болору убада кылынды.

Анткен менен курулуш иштери качан башталып, ага кайсы булактан каражат сарпталары айтылган жок.