Тажикстан жана Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн достугу жөнүндө келишимге кол койгон жок

Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери 21-июлда Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын IV консультативдик жолугушуусунда XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимине кол коюшту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

«Бул маанилүү документ регионубуздун өлкөлөрүнүн жакындоосуна жана учурдун коркунучтары менен чакырыктарына туруштук берүү үчүн күч-аракетибизди консолидациялоого оң таасир этерине үмүт артам. Бул тарыхый учур жана бул Келишим Борбор Азиянын жалпы мейкиндигинин гүлдөп өнүгүүсөнө бекем негиз болуп берет деп ишенем», — деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров документке кол коюп жатат. Сүрөт: президенттин сайты.

Келишимге Түркмөнстандын жана Тажикстандын лидерлери кол коюшкан жок. Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынан Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов «өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшат» деп түшүндүрүштү.

Аталган документке кол коюу президенттердин жолугушуусунун алдында кеңири талкууланган. «Документ Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз болуп берери» кабарланган.

Жолугушууда Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары «Жашыл күн тартиби» программасын жана 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасын жактырып, Аралды сактоо эл аралык фондунун президенти катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимине да кол коюшту.