Аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчу топтун биринчи отуруму 22-июлда болду. Жыйында Атыр Абдрахматова аскерлердин өлүмү жана сабалганы тууралуу окуяларды эске салып, тынсыздануусун билдирди.

Акыйкатчы аскерлердин өлүмү, өз өмүрүнө кол салып, сабалып жана кемсинтүүгө кабалганы «өлкөдөгү аскердик тармактын начардыгынан кабар берет» деп белгиледи.

«Аскерлердин кызмат өтөп жатып өлүмгө учурашы, суицидге барышы жана ур-токмокко кабалышы, “дедовщина” деген түшүнүктүн сиңип калышы аскердик тармактагы абалдын начардыгынан кабар берет. Мындай окуялар улана берсе, ата-энелер уулдарын аскерге жиберүүдөн баш тартат, анда мекенди кимге ишенебиз, ким бизди коргойт?»— деди ал.

Акыйкатчы институту жумушчу топту түзүүнүн себебин өлкөдөгү аскер тармагында болгон акыркы окуялар* менен түшүндүрдү.

*Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбеков кату сабалып ооруканага түшкөн. Ал эми июль айында Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө бир жоокер октон каза болгон. Нөөмөт жана күзөтүү департаментинин дагы бир жоокери сабалып, республикалык психо-неврологиялык борборго жаткырылган.

Жумушчу топтун курамына Акыйкатчы институту, Башкы прокуратура, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери кирди.

Ошодой эле, жумушчу топтун курамына мамлекеттик кызматкерлерден тышкары «Аскер кызматчыларынын энелери республикалык комитети», «Жарандык Союз» коомдук бирикмесинин, «Кыйноолорго каршы коалиция» уюмунун жана «Кылым шамы» коомдук фондунун кызматкерлери дагы кошулду.

Жумушчу топ акыркы 5 жыл ичинде катталган жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзөт.

Аны менен катар топтун мүчөлөрү бул тармактагы укуктук нормаларды өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында улуттук жана эл аралык мыйзамдарды карап, аларды практикалык колдонууну үйрөнүшөт.

Тема боюнча:

«Ок аркасынан кирип, көзүнөн чыгыптыр». Чүйдө октон каза тапкан аскердин жакындары акыйкат издейт

Аскер прокуратурасы Бишкекте аскердин өлүмү боюнча версияларды текшерет