Аскер прокуратурасы Бишкекте аскердин өлүмү боюнча версияларды текшерет

Аскер прокуратурасы Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн катардагы аскери Бексултан Адылбек уулунун өлүм фактысы боюнча сотко чейинки өндүрү жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Тергөө маркум аскердин туугандары аны өлүмгө жеткире сабашкан деп айткан жүйөөлөрүн дагы текшерет.

Аскер прокуратурасынан белгилешкендей, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Адылбек уулунун денеси жана окуя болгон жердин өзү дагы кароого алынган. Анын жыйынтыгында соттук медициналык, химиялык жана биологиялык экспертиза дайындалган.

«Анын өлүмнүн жагдайлары менен себебин тактоо боюнча аскер бөлүгүндө маркум менен чогуу кызмат өтөгөндөр менен аскер кызматкерлери суракка алынып жатат. Ошондой эле тергөө аскер кызматкерлеринин ортосундагы уставга каршы мамилелер болгон-болбогону, анын ичинде маркумдун туугандарынын амаасаалык маалымат каражаттарында айткан жүйөөлөрү иликтенүүдө», — деп билдиришти Аскер прокуратурасынан.

Аскердин өлүмү

22 жаштагы Бексултан Адылбек уулу Бишкектин №702 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн. Аскер 21-декабрда таңкы саат 5:30дар чамасында асынган абалда табылган.

Бирок, маркумдун туугандары ал өз жанын кыйганына ишенбесин айтып, иштин акыйкат иликтенишин талап кыларын билдиришкен. Адылбек уулунун эжеси Гүлмира Артыкованын айтымында, инисинин жамбашынын бир тарабы тигилип, денесинде көк-ала тактар байкалган.

«Биз ойлоп атабыз, Бексултан ошол жердеги туура эмес бир ишти билип калган. Себеби анын дайыма чындыкты сүйлөгөн, бетке айткан сапаты бар эле. Ушуну байкап калышкан. Же болбосо андан башка бир нерсени талап кылышканда баш бербей койгон. Анан уруп өлтүрүп койгон. Иштин акыйкат чечилиш суранабыз. Ошол жердеги жоокерлердин баары билет деп ойлойбуз. Иними түндө алып чыгып олтүрүп коюшкан», — деп айткан ал.

Бул сыяктуу окуялар өткөн жылдын нобярь айында да катталган: дароо эки аскер кызматкердин асынып алган денелери табылган. Алардын бири №12544 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Экинчиси Кыргызстандын Аскер күчтөрүндө майор болгон — анын сөөгү Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы №73809 бөлүгүндө табылган.