«Ок аркасынан кирип, көзүнөн чыгыптыр». Чүйдө октон каза тапкан аскердин жакындары акыйкат издейт

Маркум Рустам Иминов. Сүрөттүн түп нускасы "Турмуш" басылмасында жарыяланган

Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан №19 колонияда октон каза тапкан 20 жаштагы аскер Рустам Иминовдун жакындары ал өз өмүрүнө кол салышына ишенбейт. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жоокердин өлүмүнүн чоо-жайын ачыктай элек. Ал арада Аскер прокуратурасы фактыны иликтеп жатат.

Эмне болду?

«Турмуш» басылмасы кече өмүр бою абакка кесилгендер кармалган №19 колонияда контракттык негизде кызмат өтөп жаткан аскер Рустам Иминов 17-сентябрдын кечинде кызматтык пистолетинен «өзүн атып каза тапканын» жазды.

ЖАМКтан «Клоопко» ушундай факт болгонун ырасташып, бирок башка суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты. Басма сөз катчы Элеонора Сабатарова «ишти Аскер прокуратурасы иликтеп бүткөндөн кийин толук маалымат берилет» деп ишендирди.

Ал арада маркумдун жакындары «Турмуш» басылмасына маек куруп, аскер «киши колдуу болгон» деп божомолдошууда.

«Бир аскер кызматкери атып салыптыр»

Иминовдун карындашы Медина «Турмуш» басылмасына берген маегинде «ведомство агамдын өлүмү тууралуу ар башка версиядагы шылтоолорду айтып жатат» деп билдирди. Ошондой эле ал «ЖАМК агам өзүн атып алганы боюнча далил келтире алган жок» дейт.

«Видеокөзөмөлдү көргөзгүлө десек көрсөтүшкөн жок жана эч кандай далил келтиришкен жок. Командири дагы, күбөлөр дагы келген жок. Командири бизге кабар айткандан кийин жок болуп кетти. Телефон чалсак жооп бербей жатат. Сураштырсак “ал тергөө ишинде жүрөт” деп коюшууда», — деди ал.

Иминова агасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан полчандарынын бири апасына «аскерди башка бирөө атканын айтты» дейт.

«Көмүп келген соӊ боз үйгө кирип, апама “балаӊыз өзүн атып албайт эле” деди. Кичүү лейтенант дедиби, айтор чинин унутуп калдым, “бир аскер кызматкери атып салыптыр. Ок аркасынан кирип, көзүнөн атып чыгып, башка баланын бетин дагы жарып кеткен” дешти», — дейт ал.

«Командири менен тил табыша албай жатканын айткан болчу»

Мындан сырткары Иминова агасы акыркы учурда «командири менен келише албай» жүргөнүн белгилеп, мындан улам «кызматтан кетем» деп жүргөн дейт.

«Негизи агам аскерде жүргөндө абдан кыйналган. Кыштын күнү өтүгү жок, жылаӊайлак калганын укканда, апабыз өтүк алып берген экен. Ал жерге келишимдик негизде дагы кызмат өтөп калбайт болчу. Башынан баштап эле коркутуулар, мажбурлоо болгон. Анан кыйналганынан “кызматтан кетем” деп жаткан», — деди Иминова.

Маркумдун карындашы апасы ошол күнү агасын кызматтан бошотуу үчүн кол коюп берүүгө барганын, бирок командири жумушта болбогондуктан үйгө кайтканын айтат. Аскер акыркы жолу апасына «Святая женщина, кандай жетип алдыӊар? Апа, мен бүгүн кечинде чалам, комиссия дагы жүрөт» деп телефон чалып, ошол боюнча байланышка чыккан эмес экен.

«Ошондон 2 саат өтпөй эле, тактап айтканда кечки 20:00-20:30 чамаларында командири апама телефон чалып, “эже, эмне деп канын кайнатып алгансыз? Балаӊыз атынып алыптыр, Фучикке келгиле” дептир. Апам бул кабарга ишенбей, “балам жаракат алып, ооруканада” деп барган экен», — деп эскерди ал ошол күндү.

Иминовдун жакындары анын өлүмү акыйкат иликтенишин жана чындык өкүм сүрүшүн талап кылышууда.

«Аскердеги ушундай көрүнүштөрдөн бирөөнүн ал мончоктой баласын өлтүрүп, ата-энесин ботодой боздодуп жатышканын элге айтып, калыстык издегибиз келди», — деп сөзүн жыйынтыктады маркумдун карындашы.