Билим берүү министрлиги: Өлкөдө болочок педагогдордун стипендиясы көтөрүлдү

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында педагогикалык багытта окуп жаткан студенттерге стипендияларды берүү системасы өзгөрдү. Бул тууралуу «Клоопко» Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, буга чейин болочоктогу мугалимдер кайсыл курста окуп жатканына карабастан айына 1200 сомдон алышчу. Жаңы система боюнча алар биринчи курста 1000 сомдон алышат, андан ары жыл сайын 1000 сомдон кошулуп турат.

Мурдараак минкабдын басма сөз кызматы жогорку окуу жайларда болочок педагогдорго 4 663 орун гранттык орун берилерин билдирген.

Мугалимдердин маянасы

2022-жылдын апрелинде билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин айлыгы төмөнкүдөй көтөрүлгөн: педагогикалык персоналдыкы 80%га, кенже жана техникалык персоналдыкы 80%га, административдик кызматкерлердики 50%га.

Мурда мугалимдерге иштеген сааттары үчүн айлык төлөнчү, эми болсо алардын белгилүү бир коюму бар, ал ар бир мугалимге жекече эсептелинет.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана каржылык талдоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Гүлнар Тохтакунова учурда жеке жана мамлекеттик окуу жайларда маяна бирдей болуп теңелгенин белгилеген.

2022-жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров мугалимдердин айлыгын жылдын аягына чейин дагы көтөрүп берүүнү убадалаган.