Бир кадр менен: Эдуард Кубатов кыргыз туусун Хан-Теңири чокусуна алып чыкты

Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Кыргызстандын желеги менен бийиктиги 7010 метр болгон Хан-Теңири чокусуна чыкты. Сүрөттөрүн Кубатов Фейсбуктагы барагына чыгарды.

Сүрөт: Эдуард Кубатов

Кубатов Хан-Теңири — Кыргызстандын чыгыш тарабындагы эң бийик жерлеринин бири экенин белгиледи. Ал бул чокуну ыйык деп дагы атады.

«Күн дал ушул Хандан башталат. [Хан-Теңирди] күн чыгыш тоосу деп дагы атаганга болот. Ал жерден биздин кымбаттуу өлкөнүн биринчи чакырымдары башталат! Хандын өлкө үчүн тарыхий жана руханий мааниси тууралуу бүтүндөй китеп жазса болот! Муну эстен чыгарбагыла», — деп жазды ал.

Кубатов тоого чыгып баратканда «катаал аба ырайына» кабылганын, ошондой эле ирандык команданын «куткаруу операциясына» дагы катышканын кошумчалады.

Эдуард Кубатов деген ким?

Эдуард Кубатов 2021-жылдын майында жер бетиндеги эң бийик Эверест чокусун багынткан.

Кубатов — аталган чокуну багындырган экинчи кыргызстандык. Биринчи болуп ал жакка 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.

Эдуард Кубатов — Индонезиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу, «Центерра Голд Компанинин» директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү. Мурда УКМКда иштеген.

2015-жылы ал Аргентинадагы Аконкагуа чокусуна чыгып, Кыргызстандын туусун орноткон.

2021-жылдын апрелинде Кубатов «Вечер трудного дня» берүүсүнө жети чокуну багынтууну көздөп жатканын айткан. Бул дүйнөнүн булуң бурчундагы эң бийик чокулар (Түндүк жана Түштүк Америка өзүнчө саналат).

Анын айтымында, Эверест анын тизмесиндеги бешинчи чоку болгон. Буга чейин ал Түштүк Америкадагы Аконкагуа чокусуна, Европадагы Эльбруска, Австралиянын эң бийик чокусу Косцюшкого, ошондой эле Африканын Килиманджаро тоосуна чыккан.

«Ар бир альпинистке Эверест — эң бийик чоку, бул Олимпиадалык оюндар же спортчулар үчүн дүйнө чемпионаты сыяктуу», — деген ал ошондо.