Үй-бүлөлүк зомбулук: Нарында акимдин орун басарларына 10 миң сом айып салынды

Нарын облусунда үстүбүздөгү жылдын алты айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 132 учуру катталды. Зомбулукту алдын алуу үчүн тийиштүү иштерди жүргүзбөгөнү үчүн район башчыларынын орун басарлары 10 миң сомдон айыпка жыгылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

«Облус аймагында 2022-жылдын 6 айында катталган 132 үй-бүлөлүк зомбулуктун 118и аялдарга, 13ү жаш жетелектерге карата жасалганы аныкталды. Алардын 64ү физикалык зомбулук болсо, 68и психологиялык зомбулук», — деп белгилешти көзөмөл органдан.

Аны менен катар, Нарын облустук прокуратурасы беш райондун акимдеринин орун басарларына «Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин», «Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу» беренеси менен өндүрүш ишин ачканын белгилешти.

Иш сотто каралып, орун басарлар 10 миң сомдон айыпка жыгылган.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Иллюстративдик сүрөт.

ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Эгерде сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Тема боюнча:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер үчүн «117» чукул байланыш кызматы ачылат