Ошто «Тяньши» компаниясынын эки өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалды

Кармалган шектүүлөр. 

Ош шаарында «Тяньши» компаниясынын эки дистрибьютору кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-апрелде Ош шаарынын тургуну аталган компаниядан жабыркаганын айтып милицияга арыз жазган.

Анын айтымында, компанияда иштеген киши анын ишенимине кирип, «210 миң сом төлөп “6 жылдыз” даражасын алсаңыз ай сайын 23 миң сом маяна берилет, башында төлөгөн акчаңыз да өзүңүзгө кайтарылат» деп убадалаган.

Бирок арыздануучу «маяна да албаганын, баштапкы акчасы да кайтарылбаганын» айтып даттанган. Бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрө баштаган.

Ал эми 26-июлда аталган кылмышка шектелип 25 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган. Анын үстүнөн жалпы 17 арыз түшкөн.

Мындан сырткары алдамчылыкка шектелип 27-июлда компаниянын 22 жаштагы дистрибьютору кармалган. Ага карата 7 арыз жазылган.

Анда жабырлануучулар шектүүгө «38 миң сомдон 455 миң сомго чейин акча берип, бирок аларды кайтара албай жатканын» айтышкан.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми тергөө уланып жатат.