Дагы бир жоокер октон каза тапты. Туугандары аскер өзүн-өзү атып алды дегенге ишенбейт

№27 түзөтүү мекемеси. Сүрөт: Жаза аткаруу кызматы.

29-июлда таңкы саат 8:30 чамасында Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесин кайтарган жоокер Калыс Абдыкабылов октон каза тапты. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

«Кароол бөлүгүнүн жоокери өзүнө бекитилип берилген куралдан ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болду», — деп белгилешти мекемеден.

Жаза аткаруу кызматынан окуяга байланыштуу Аскер прокуратурасы тергөө иштерин баштаганын белгилешти.

Жоокердин жакындары эмне дейт?

Абдыкабыловдун агасы Таалайбек Турдубеков 18 жаштаги иниси «өзүн-өзү атып алды» деген жүйөөгө ишенбей турганын белгиледи.

«Кокустук болгонуна толук ишене албай турам. Өзүн-өзү атып алды деген жерди көрдүк. Кичинекей бутканын ичинде болуптуп. Автомат менен аткан экен, кандай кылып аткан түшүнбөйм, автоматты айландырып келсең да башыңа такалбайт да. Ал жерде автомат октолгон болбойт да», — деп «Клоопко» түшүндүрүп берди ал.

Маркумдун агасы, бир тууганым өз жанын кыйган күндө деле «кысым болгон болушу мүмкүн» деп эсептейт. Аны менен катар иниси ок жеген абалда эки жарым саат бутканын ичинде жатып калганын белгилеп, мылтыктын үнүн эч ким укпай калганына таң калды.

«6:00дө жаңы эле кароолго чыккан экен. Сегиз жарымда, жоокерлер алмашканда анан көрүшүптүр. Ага чейин эч ким көргөн, ал тургай уккан эмес экен. Мылтык атылганы 2 километр жерден угулса керек», — дейт ал.

Турдубеков иниси Молдовановкага кызмат өтөө үчүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан келгенин кошумчалады.

Башкы прокуратура эмне дейт?

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов «Клоопко» жоокердин өлүмүн Аскер прокуратурасы тергеп баштаганын билдирди.

«Соттук медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынат», — деди ал.

Камолидинов тергөө иштери бүткөн соң окуя боюнча толук маалымат берүүнү убадалады.

Сабалган жана каза болгон аскерлер

Буга чейин, июль айында Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн бир жоокери октон каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыгарып алганын айткан.

Жоокердин туугандары ал өзүн өзү өлтүргөнүнө ишенбей турганын белгилеп, Коргоо министрлигине нааразы болушкан.

Июль айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Анда жоокердин табарсыгы жарылганы айтылган. Жоокердин апасы уулу аскер бөлүгүндө акчанын айынан сабалганын билдирген.

Мындан улам акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ акыркы 5 жыл ичинде катталган жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзөт.

Аны менен катар топтун мүчөлөрү бул тармактагы укуктук нормаларды өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында улуттук жана эл аралык мыйзамдарды карап, аларды практикалык колдонууну үйрөнүшөт.

Тема боюнча:

Коргоо министрлиги: Чүйдө курал колдонуудагы байкабастыктан улам жоокер каза болду

«Түнү менен сабаптыр». ӨКМдин жоокерин табарсыгы жарылганча сабоого шектелип прапорщик кармалды