Темир жолдо уктап калган жаранды поезддин астынан куткарып калган кызматкер сыйланды

Темир жолдо уктап калган жаранды поезддин астынан куткарып калган милиция кызматкери саат менен сыйланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын башчысы Алмазбек Исаков тапшырды. Ал мындай жакшы көрүнүш кыргыз милициясынын кадыр-баркынын өсүшүнө жакшы өбөлгө болуп, жаш кызматкерлерге үлгү болоорун белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын 24-июль күнү Бишкекте милиционерлер темир жол боюнда уктап калган адамды куткарып калышкан.

Анда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта көзөмөл жүргүзүп жаткан учурда темир жол тосулуп, автоунаалар поезддин өтүп кетүүсүн күтүп, токтоп турган.

Милиция кызматкерлери ал жакты көзөмөлдөп турганда, алыстан темир жолдо белгисиз жаран жаткандыгын байкашкан. Алар өз өмүрлөрүн тобокелге салып, темир жолдо жаткан жаранды куткарып калышкан.

Кийин уктап калган жаран өз жанын кыйууга аракет кылбагандыгын жана мас абалында жөн гана уктап калгандыгын айтып, туруктуу жашаарга үй-жайы жок жаран экендигин айткан.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкекте 18 жаштагы жигитти поезд сүзүп кетип, ал жаракаты оор болгондуктан ооруканда өзүнө келбей каза болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, маркум жакындап калган поезддин сигналына көңүл бурган эмес, ал эми поезддин машинисти тормозду шашылыш басканы менен кырсыктын алдын ала албай калган.