«Жасалма диплом». Кочкор-Ата шаардык дарыгерлер борборунун өкүлү пара берип жатканда кармалды

Сүрөт:

Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун өкүлү УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жатканда кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк дарыгер Кыргыз-Орус Славян университетинде жогорку билимге ээ болгону тууралуу жасалма диплом пайдаланып жүргөнү аныкталган.

«Бирок ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу амалында текшерүүнү токтотуу жана фактыны жашыруу үчүн УКМК кызматкерине пара сунуштаган», — деп белгилешти комитеттен.

Бул факты «Пара берүү» беренеси менен катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКдан дарыгер мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы аймактык ооруканада хирург болуп иштегенин кошумчалашты.

Буга чейин УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун жана алардын кош жарандыгы бар-жогун текшерип баштаган. Текшерүү үстүбүздөгү жылдын 24-январында башталган, ал үч айга созулары айтылган.

Атайын кызмат мамлекеттик мекемелерде иштеген 96 кызматкер жасалма диплом колдонууга шектелип жатканын билдирген. Текшерүүнүн негизинде 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кетип, жергиликтүү кеңештин эки депутаты мандатын тапшырган.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия 88 упай менен биринчи орунга чыгып, коррупциянын денгээли эң төмөн мамлекеттердин катарына кирген.

Тема боюнча:

Президенттин чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү өкүлү жасалма диплом алууга шектелүүдө

УКМК: Момбековдун биринчи диплому жасалма, экинчиси мыйзамсыз алынган