Баткен: Өзбекстандан 12 тонна жер семирткичти мыйзамсыз ташып келе жаткан адам кармалды

Баткен облусунда 12 тонна жер семирткичти Өзбекстандан мыйзамсыз ташып келе жаткан 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү Боз-Адыр – Баткен унаа жолунда бара жатканда колго түшкөн.

«Унааны текшерүү учурунда Өзбекстанда өндүрүлгөн 12 тонна минералдык жер семирткич табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жүктүн баасы 480 миң сомду түзөт», — деп белгилешти УКМКдан.

Учурда бул факты боюнча Батке облусунун бажы кызматы иликтөө иштин баштады.

Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Баткен облусунун Лейлек району аркылуу Тажикстанданга жалпы көлөмү 4 тоннаны түзгөн минералдык жер семирткич алып өтүүнү көздөгөн айдоочу кармалган.

Тема боюнча:

Баткенде аткез жолу менен Тажикстанга селитра алып өтүүгө аракет кылган айдоочу кармалды