Баткенде аткез жолу менен Тажикстанга селитра алып өтүүгө аракет кылган айдоочу кармалды

Баткен облусунун Лейлек району аркылуу Тажикстанданга аткез жүк алып өтүүгө аракеттенген жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу 24-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, чек арачылар 30-апрелде Кулунду айыл аймагынан унаа менен коңшу өлкөгө өтүүнү көздөгөн «Мерседес-Бенц Спринтердин» айдоочусун кармаган.

«Текшерүү учурунда унаанын бортунан Казакстандан чыгып, коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүүчү жүк табылган. Унаанын ичиндеги жүктүн жалпы көлөмү 4 тоннаны түзгөн. Ар биринин салмагы 50 килограмм болгон 80 кап минералдык жер семирткич (селитра) табылган», — деп айтылат маалыматта.

«Эксперт Баалоо» ЖЧКнын корутундусундагы маалымат боюнча, жүктүн орточо базар баасы боюнча 152 миң сомду түзөт. Бул факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Үстүбүздөгү жылдын 5-майда Жалал-Абал облусунун Аксы районунда кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу 1 килограммга жакын ооган гашишин алып өтүүгө аракет кылгандардын ишине бөгөт коюлган. Шектүүлөр чек ара кызматкерлерин көргөндө Өзбекстандын аймагына кире качып, жашынып калган.

Ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Актам айыл аймагына караштуу Дөбө-Коргон айылында өзбек чек арачыларынын огунан бир үй-бүлөдөн үч киши каза тапкан.

Кыргыз тарап чек ара тилкесинен 50-55 метр аралыкта, Кыргызстандын аймагында гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара отряды кыргызстандыктарга ок чыгарганы боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылган.

Андан тышкары, кыргыз жарандары каза болгон жерден 80 метр аралыкта 2000 кг селитра табылган.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Өзбекстандын өкүлү чек ара отряды мамлекеттик чек арадан минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалганын билдирген. Ал мыйзам бузгандар чек арачыларга таш ыргытып, алар курал колдонууга аргасыз болгонун кошумчалаган.

Тема боюнча:

Баткенде аткезчилик жол менен мөмө-жемиш жана күйүүчү май ташыган айдоочулар кармалды

Баткенде мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракеттенген аткезчилерди кармоо учурунда ок атылды