Кара-Балта: Темир жолдо уй айдап бара жаткан аялды поезд коюп кетти

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 61 жаштагы аялды поезд коюп кетип, ал жеринде каза болду.

«Туруш» басылмасынын маалыматына ылайык, окуя 28-июлда таңкы саат 06:00 чамасында болгон. Темир жолдо уй айдап бараткан аял поезддин белги берген үнүн укпай калган.

Кара-Балта темир жол станциясынын кызматкерлери окуя болгон жерге дароо тез жардам чакырышкан. Бирок, жабырлануучу тез жардам келгиче үзүлүп кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкекте 18 жаштагы жигитти поезд коюп кетип, алган жаракатынан ооруканда өзүнө келбей каза тапкан.

Милициянын маалыматына ылайык, маркум жакындап калган поезддин сигналына көңүл бурган эмес, ал эми машинис тормозду шашылыш басканы менен кырсыктын алдын ала албай калган.

Тема боюнча:

Ысык-Ата: 13 жаштагы кызды поезд коюп кетти