Osh Trips: TooFest иш-чарасына катышкандардын акчалары кайтарылат

Сүрөттөр соцтармак колдонуучуларынын баракчаларынан алынды.

Ошто 30-31-июль күндөрү өткөн TooFest иш-чарасына катышкандар уюштуруучуларга нааразы болуп жатышат. Катышуучулар аларды «алдамчылыкка» жана «өмүргө коркунуч жаратууга» айыпташты. Ал эми уюштуруучулар нааразычылыктан кийин катышуучулардын акчаларын кайтарып бермей болушту.

Эмне болду?

Июнь айынын башында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда TooFest фестивалы өтөрү, аны Osh.trips туркомпаниясы өткөрө турганы белгилүү болгон. Фестиваль 30-31 июлда өтүп, анда улуттук оюндар, концерттик программалар, йога, Тулпар көлүнө саякат болору айтылган.

Иш-чарага баруу үчүн билеттер 700 сомдон 4 916 сомго чейин сатылган. Баасы катышуучунун фестивалда канча күн калаарына, өздүк транспортунун бар-жогуна жана өзү менен эмне кошо ала барарына карай коюлган.

Ал эми фестиваль башталган күнү эле соцтармактарда иш-чаранын уюштуруучуларына нааразычылыктар айтыла баштаган. Айрымдары автобустар аларды иш-чара өтүүчү жерге чейин жеткирбегенине даттанышкан.

Ошондой эле катышуучулар жаан-чачындан улам кийимдери суу болуп, чатырдан ным өтүп, үшүп калышканын айтышкан. Соцтармактарда жазылган комментарийлерде дааратканалар, атайын куткаруучулар, медкызматкерлер болбогону белгиленген.

Алар жеринде уюштуруучуларга байланыша албай жалгыз калганын айтышкан.

«Биз сууктан өлүп калышыбызга аз калды. Эмнеге бизди таштап койдуңар? Ар ким колунан келишинче аракет кылып аман калды. Бизге эч ким жардам берген жок!» — деп жазды соцтармак колдонуучуларынын бири.

Мындан сырткары катышуучулар фестиваль программада көрсөтүлгөндөй өтпөгөнүнө нааразы болушкан — TooFest`ке келген кишилер ошол эле жерде райондук администрация Чоң-Алайдын 30 жылдык мааракесин өткөрүп жатканына күбө болушкан.

Жергиликтүү тургундар аталган мааракеге акысыз киришкен. Ошол эле учурда башка катышуучулар маараке үчүн 700 сомдон төлөшкөн.

Ал эми блогер Владислав Андриянов «Клоопко» берген маегинде, фестивалга дээрлик бир ай даярданганын айтып кейиди. Ал жарнамада жылыткычтары бар чатырлар берилери айтылганын, бирок иш жүзүндө мындай болбогонун белгиледи.

«Бизден акчаны алгандан кийин жок дегенде жылуу башпаанек менен камсыздашы керек болчу. Анткени андай суукта уктоо — кооптуу. Адам эгер суукта уктаса кайра ойгонбой деле калышы мүмкүн. Менде тахикардия болду, бирок тез жардам кызматы да жок эле. Милиция жана тез жардам кызматы нөөмөттө болорун айтышкан, бирок андай болгон жок», — деди ал.

Блогер фестивалда алар стресске түшүп, коркуу сезиминде болушканын кошумчалады.

Ошентип фестивалга келген миңден ашык адам автобустардын айдоочулары менен сүйлөшүп үйлөрүнө кетүүгө аргасыз болушкан.

Уюштуруучулар эмне дейт?

Уюштуруучулар 31-июлда Инстаграм барагына түшүндүрмө жарыялашты. Анда алардын максаты — туризмди өнүктүрүү болгону, фестиваль программа боюнча өтпөгөнүнө «аба-ырайы себеп болгону» айтылат.

Ошондой эле уюштуруучулар Чоң-Алай райадминистрациясы менен түшүнбөстүк жаралганын айтышкан. Алардын сөзүндө, алгач жергиликтүүлөргө иш-чарага кирүү үчүн 200 сом арзандатуу болору макулдашылган. Бирок кийинчерээк алар акысыз кирери белгилүү болгон.

«Аба ырайына жана логистикалык кемчиликтерге байланыштуу бир катар жагдайлардан улам иш-чара план боюнча өтпөгөнүн моюнга алабыз», — дешти уюштуруучулар.

Учурда фестивалга барып нааразы болгон адамдар уюштуруучулардын үстүнөн арыз жазууга камданып жатышат. Алар уюштуруучулардан акчаларын кайтарууну талап кылышат.

Материал жарык көрөөр алында уюштуруучулар катышуучулардын акчалары кайтарыларын билдиришти.