Уландар арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта Билол Шарип уулу күмүш утту

Кыргыз балбаны Билол Шарип уулу Римде өткөн күрөш боюнча уландар арасындагы чемпионатта күмүш медаль утуп алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спортчу 60 килограммга чейинки салмак категориясында мелдешке катышкан. Биринчи айлампада кыргызстандык балбан казакстандык спортчу менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип чыккан. Андан кийин Шарип уулу Швейцариянын өкүлүн 10:0 эсебинде уткан. Ушундай эле айырма менен кыргызстандык балбан италиялык спортчуну да артта калтырган.

Сүрөт: Бириккен күрөш дүйнөсү

Жарым финалда Шарип уулу жапон балбаны менен беттешип, 7:2 эсебинде жеңген. Ал эми финалда ирандык спортчуга 4:5 эсеби менен утулуп калган.

Буга чейин кыргызстандык кыздар Жаркынай Нурлан кызы жана Гүлнура Таштанбекова ушул эле чемпионатта коло медалды утуп алышкан.

Күрөш боюнча кадеттер (U-17) арасындагы дүйнө чемпионаты Италиянын Рим шаарында, 25-31-июль аралыгында өттү.