Араван: Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы кызматкерлерине электроскутер белек кылды

Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы Мамиржан Кадиров кызматкерлерине электроскутер белек кылды. Бул тууралуу 2-августта Кадиров өзү «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, 5 скутерди айыл башчылары, салык кызматкерлери жана социалдык адистер пайдалана алышат.

«Мындан ары алар тургундардын ар түрдүү көйгөйлөрүн жеринде чечүү үчүн электроскутерлерде барышат», — деди Кадиров.

Айыл өкмөт башчысы өзүнүн чакан бал бизнесинен түшкөн акчаны демилгени ишке ашырууга жумшаган. Электроскутерлердин ар биринин баасы 70 миң сомду түзгөн.

Алля Анаров айыл өкмөтү өзүнө 5 айылды камтыйт. Жалпысынан аймакта 19 миңден ашык адам жашайт.