«ПолитКлиника»: Кудрет Тайчабаров iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү телефонду тендерсиз сатып алган

Кудрет Тайчабаров.

«ПолитКлиника» басылмасы «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров кызматтык делген iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү телефонду тендерсиз алганын аныктап чыкты.

Буга чейин, 1-августта активист Атай Бейшенбек Фейсбук барагына Тайчабаров мекеменин эсебинен 110 миң сомго iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү телефон жана 2 миллиондон ашык сомго «Тойота Ланд Крузер 200» үлгүсүндөгү автоунаа сатып алганын жазган болчу.

Көп өтпөй соцтүйүндө Тайчабаров уюлдук телефонду «тендер өткөрбөй, өз билемдик менен сатып алганын» айтып сынга алышкан. «ПолитКлиника» басылмасы бул маалыматтарды талдап чыкты.

Телефон сатып алууда тендер өткөн эмес

Кудрет Тайчабаров 2020-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) башкы директору болуп дайындалган.

Журналисттер Мамлекеттик сатып алуулар порталында 2020-жылы ЭЭАнын атынан телефон сатып алуу боюнча эч кандай тендер жарыяланбаганын белгилешет.

Мекеменин директору Кудрет Тайчабаров «ПолитКлиникага» телефон тендерсиз алынганын тастыктады. Анын айтымында, талкууга алынган смартфондор мурдагы жетекчинин тушунда сатылып алынган.

«Телефон боюнча, ал кызматтык телефон болуп эсептелет. Андай телефондон төртөө-бешөө бар. Алар мурда алынган телефондор. Мурдагы жетекчилик колдонуп жүргөндөрү дагы бар. Алар жумуштан кеткенде артынан доолап жүрүп алып калганбыз», — деп түшүндүрдү ал.

«ПолитКлиниканын» журналисттери Тайчабаровдун айткандарын дагы текшерди. Тайчабаров 2020-жылдын 14-ноябрында ишканага директор болуп дайындалса, iPhone 12 Pro Max телефону ошол эле жылы 13-ноябрда гана сатыкка коюлган.

«Тактап айтканда, Тайчабаров мурдагы жетекчилик сатып алган деген уюлдук телефон ал кызматка дайындалардан бир күн мурун сатыкка чыккан», — деп белгилешти журналисттер.

Apple компаниясынын расмий сайтында аталган смартфондун баасы эс-тутумуна жараша 99 000 рублдан 109 990 рублга чейин болору жазылган.

Унаа ишкананын балансына өткөн

Ал эми блогерлер айткан автоунаа боюнча Тайчабаров, «мекеменин эсебинен алынган эмес» деп билдирди. Анын айтымында, «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы «Бисталь» ишканасы ижара акысын төлөй албай калгандыктан, унаа ЭЭАнын балансына өткөн.

«Бир гана машина эмес, имараттарды дагы ошентип баалап, өткөрүп алабыз, эгер [ишкана] карызын төлөй албаса. Кээ бир субъекттер орноткон трансформатор, подстанция, колдонгон жабдыктарын өткөрүп беришет. Ал эми сот менен чечилсе, сот аткаруучу келип, баарын баалап өткөрүп берет. Бул мыйзамдуу эле нерсе», — деп кошумчалады ал.

Аны менен катар, Тайчабаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагы мамлекеттик бюджетке тиешеси жок, андыктан Бюджеттик кодекс таасир этпейт» деп белгиледи. Ал ошол үчүн буга чейинки сатып алуулардын көбү тендерсиз эле өтүп келген деп түшүндүрдү.

Тема боюнча:

«Кутуруп келип бирөөнү сүзгөн эмесмин». Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына учурады

Бишкек ЭЭАнын башчысы Кудрет Тайчабаров 24.kg’ни сотко берерин айтып коркутту