Бишкек ЭЭАнын башчысы Кудрет Тайчабаров 24.kg’ни сотко берерин айтып коркутту

Бишкек эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) жетекчиси Кудрет Тайчабаров Фейсбук барагында 24.kg басылмасын сынга алып, басылманы сотко берерин айтып коркутту.

Тайчабаров 2022-жылдын январында өзү кабылган унаа кырсыгынын жыйынтыгы боюнча басылмада жарык көргөн макалага комментарий берди. Аталган жол кырсыгында 22 жаштагы жигит жабыркаган.

Журналисттер жабыркаган баланын апасы менен байланышышкан. Ал Тайчабаровдун орун басары үй-бүлөдөн зыянды төлөп бергиле деп келгенин айтып берген. Эненин айтымында, кырсыкка ошол күнү катуу ылдамдыкта келе жаткан Тайчабаров күнөөлүү. Бирок ЖКККББдан Бишкек эркин экономикалык аймактын башчысынын күнөөсүн далилдей алышкан эмес, «иш ошол бойдон аяктаган».

Тайчабаров басылманы бир тараптуулукка айыптап, журналисттер ага каршы «буйрутма аткарышты» деп кошумчалады.

Анын айтымында, унаа кырсыгына соттук отурумдарга келбей жаткан экинчи тарап күнөөлүү. Тайчабаров кийинки соттук отурум 13-июлда өтөрүн кошумчалады.

Эркин экономикалык аймактын башчысы билдирүүсүндө журналисттерди кыргыз тилин «сүйүшпөйт» деп дагы айыптады, аны далилдей турган аргументтерди келтирген жок.

«Жалаң киргиздерден куралган силердин редакция, жана силерге окшогон эне тилин сүйбөгөндөр, контексттен жулуп алып, маалыматты бурмалап, адамды каралаганыңар журналистикага да, адамдык касиетке да жатпайт», — деп жазды ал.

Ошондой эле Тайчабаров басылманы мыйзамды «жакшылап» окуганга жана өз билдирүүсүн «эскертүү» деп кабыл алууга чакырды.

«Бул постту ошол эскертүү деп кабыл алгыла. Анан эртең айып пулду төлөй албай жалдырап жүрбөгүлө, буга чейин мага соттон утулган 4 ЖМКга окшоп...», — деп коркутту ал журналисттерди.

Буга чейин Тайчабаров кыздарга карата сексисттик билдирүү да жасаган.

«Чынында түрк-араб өлкөлөрү кыргыздын кыздары оңой алданарын билип калышыптыр. Түркияга көбү сойку болуп иштеш үчүн барганы илгери эле маалым болчу. Кече жакында бир жаңылык уктук. Дубайга бир жумага “эс алганы” барган кыргыз кыздары жашына карап 5 миң доллардан 25 миң долларга чейин иштеп келип жатышыптыр. Ошол себептен жаш эле кыздар машина минип, айфон 13 көтөрүп, ресторандардан башы чыкпайт экен. Кыргыздын белгилүү эле ырчы, актриса, блогер, модель кыздары ушинтип иштеп жүргөнүн угуп шок болдук. Өзгөчө инстазвездалар ушинтип жан багышат тура», — деп жазган ал.

Кийинчерек Тайчабаров бардык кыздарды эмес, «айрым инстажылдыздар» тууралуу айтып жатканын белгилеген. Бул билдирүүсү үчүн аны теле алып баруучу Ассоль Молдокматова да сынга алган.

Кудрет Тайчабаров мурда өзү да журналист болуп иштеген. 2020-жылы ал бизнесмен Осмоновдорго Матраимовдор басым кылып жатканын айтып чыккан. Ошол учурда Тайчабаров криминал куугунтуктап жаткандыктан өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун тушунда Кудрет Тайчабаров Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчилик кызматына дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА: Тайчабаров: Ата-энелер кыздарынан машина менен iPhone 13тү кайсы каражатка алганын такалап сурашы керек