Видео: Кыргыз ырлына бийлеген италиялык блогер кыргызстандыктарга салам жолдоду

Кыргызча ырларга бийлеп видео тарткан италиялык блогер Алессандро Карузо кыргызстандыктарга салам жолдоду. Видеону ал Tik-Tok барагына жүктөдү.

Видеого блогер кыргыз жигити менен тартылган. Кыргызстандык жигит ушул тапта Италиянын Неаполь шаарында турганын айткан.

«Салам, Кыргызстан! Мен сени сүйөм!» — деген Карузо.

Алессандро Карузо — италиялык тиктокчу, анын Tik-Tok түйүндөгү барагында 600 миңден ашуун катталуучусу бар. Италиялык тиктокчу кыргыз ырларына бийлеп, ырдаган видеолорду көп жүктөйт.

12-июлда Карузо кыргыз ырчысы Бактияр Токторовдун «Буй буй» аттуу ырына бийлеген видеосун жүктөгөн. Ролик 4 миллион жолу көрүлгөн.

Соцтармактарда резонанс жаралып, көпчүлүк муну сыймыктануу менен кабыл алган. Кийинчерээк журналист Элмира Мадиева ырдын түп нускасы башка экенин айтып чыккан.

«Бир тайпада Бактияр Токторовдун "Буй-буйунун" түбү башка экенин айтам деп таландыда калдым. Анча-мынча чет элдик ырларды да уга жүрүш керек өзү. Бактияр Токторов ал ырдын ыргагын кыргыз табитине келтирип, оодарган. Бирок ырдын изюминкасы буй-буйда болуп атпайбы. Ал бул ырды “2000-жылдары жазгам” дейт маектеринде. А бул ыргак тээ 1973-жылы эле англисче Bensonhurst Blues деген аталыш менен чыккан», — деп жазды Мадиева баракчасында.

Кыргызстандын Франциядагы элчиси, экс-депутат жана кинорежиссёр Садык Шер-Нияз Токторовду колдоп чыккан. Шер-Нияз «ыр плагиат болгондо, эбак эле билинмек» деген пикирде. Ал коомчулукту ырчыны «күйгүзбөөгө» чакырган.

Бактияр Токторов өзү ырдын айланасындагы ызы-чуу боюнча «Клоопко» комментарий берип, «Буй буй» ыры өзүнө таандык экенин, 2007-жылы патент да алганын айткан.

«Ыр өзүмдүкү. Негатив айтыла берет. Негизгиси ырдын сөзү да, обону да, аранжировкасы да меники. Өзүм ырдагам», — деген ал.