Араб координациялык тобу билим берүүгө 75 млн доллар бөлөт. Каражат кайда жумшалат?

Араб координациялык тобунун жыйыны. Сүрөт: Министрлер кабинети.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйыны жыйынтыкталды. Анын негизинде Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн 75 миллион АКШ доллары бөлүнөрү белгилүү болду.

Каражаттын 60 миллионун Араб координациялык тобу бөлсө, калган 15 миллионду Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк уюму гранттык негизде бөлөт.

«Макулдашууларга ылайык Кыргызстан 75 миллион АКШ доллар алууга укуктуу», — деп белгилешти минкабдан.

Координациялык топтун мүчөлөрү министрлер кабинети сунуштаган социалдык турак жай, транспорттук инфраструктура, суу менен камсыздоо жана канализация, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин карап чыкты.

Араб координациялык тобуна бир катар банктар менен фонддор мүчө болгон. Алардын арасында Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду бар.

Каражат кайда жумшалат?

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Араб координациялык тобунун жолугушуусунда Кыргызстандагы мектептер менен бала бакчалардын абалы тууралуу сөз болгонун белгиледи.

Бейшеналиевдин айтымында, кеңешмеде Мамлекеттик курулуш агенттиги жана Билим берүү министрлиги мектеп жана бала бакча куруу боюнча демилге көтөрүп чыгышты.

Министр Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда экенин, 126 мектепте окуучулар үч смен менен окуп жатканын жана балдардын 22% гана бала бакчага барарын кошумчалады.

«Эгерде демилге колдоо таба турган болсо, Кыргызтанда жапы 45 миңге жакын бала мектеп менен, ошол эле санга жакын бала бала бакча менен камсыз болуп, 3 миңге жакын мугалим ишке орношот», — деп ишендирди ал.

Буга чейин, 6-апрелде Кыргызстан менен Европа биримдиги Билим берүү жана илим министрлигине 32 миллион евро грант бөлүү тууралуу каржы келишимине кол коюшкан.

Министрлик каражат окуучудардын STEAM (science – илим, technology – технология, engineering – инженердик иш, arts – искусство жана mathematics – математика) боюнча билиминин жок дегенде минималдуу деңгээлге жеткирүүгө, мугалимдердин жана окуучулардын медиасабаттуулугун жана санариптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана үзгүлтүксүз тренингдерди өткөрүп турууга жумшаларын белгилешкен.

Тема боюнча:

Европа биримдиги билим берүү системасын колдоого 32 млн евро берет