Европа биримдиги билим берүү системасын колдоого 32 млн евро берет

Европа биримдиги Кыргызстанга билим берүү системасын колдоого 32 млн. евро бөлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдады.

6-апрелде Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда Билим берүү жана илим министрлигине грант бөлүү тууралуу каржы келишимине кол коюлду.

«32 млн евронун ичинен 27 млн евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого, 5 млн евро кошумча колдоого жумшалат», — деп билдиришти ведомстводон.

Министр бөлүнгөн каражаттар төмөнкүлөргө жумшалаарын тактады:

  • Көп сандагы балдарга STEAM (science – илим, technology – технология, engineering – инженердик иш, arts – искусство жана mathematics – математика) боюнча билиминин жок дегенде минималдуу деңгээлине жетүүгө мүмкүндүк бере турган инклюзивдүү жана адилеттүү, сапаттуу билим берүү. Жаңы усулдук колдонмолордо жана окуу материалдарында гендердик сокурчулукту жоюу жана инклюзивдүү билим берген мектептердин санын көбөйтүү,
  • мугалимдердин жана окуучулардын медиасабаттуулугун жана санариптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү,
  • мугалимдер менен окуучулар үчүн үзгүлтүксүз тренингдерди өткөрүп турууга мүмкүндүк берген эколологиялык жөндөмдөрдү өнүктүрүү.

Буга чейин Европа биримдиги Кыргызстан менен 2021-2027-жылдар аралыгында кызматташуунун көп жылдык индикативдик долбоорун кабыл алган. Бул программанын баштапкы төрт жылында башкаруу жана санариптештирүү, адамдык өнүгүү, анын ичинде жашыл жана климаттык туруктуу экономиканы өнүктүрүүгө 62 млн евро бөлүнөт.

2021-жылдын 23-декабрында Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн уюм Кыргызстанга билим берүү жана санарип тармагын өнүктүрүү үчүн грант түрүндө 19,4 млн евро бөлгөнүн билдиришкен.

Ал жактан бул каражаттын ичинен 7,4 млн евро — 2019-2021-жылдары Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын колдоо үчүн акыркы транш экенин белгилешкен. Бул долбоор боюнча Европа биримдиги жалпы 32 млн евро бөлүшү керек болчу. Калган каражат 2019-2021-жылдары которулган.

«Министрлик акыркы транштагы каражатты [7,4 млн евро] билим берүүнү мындан ары өнүктүрүү, китептерди сатып алуу жана бардык мектептерди интернет менен камсыздоого жумшоону пландап жатат», — деп айтылган билдирүүдө.