Баткен: Райондук прокуратура муниципалдык мал базардын курулушун мыйзамсыз деп тапты

Баткен райондук прокуратурасы Баткен шаарындагы муниципалдык мал базардын курулушун мыйзамсыз деп тапты. Азыркы тапта курулуш иши токтотулду. Бул маалыматты «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда мэриянын айрым кызматкерлери Баткен шаарынын Чет-Булак аймагында 1,5 гектар таштуу жайыт жерге курулуш жүргүзүүгө мыйзамсыз уруксат бергени аныкталган.

Башкы прокуратурадан «Баткен шаардык мэриясы мал базар куруу үчүн эч кандай документ даярдаган эмес» деп белгилешти.

Райондук прокуратурадан буга чейин мал базардын курулушун токтотуу боюнча шаардын мэри Имамназар Буркановго сунуштама жөнөтүлгөнүн белгилешти.

Ал эми Баткен шаардык мэриясы мал базарды курулушу убактылуу токтотулганын тастыктады. Мэриянын Муниципалдык менчик департаментинин директору Акрам Акматовдун айтымында, курулуш иштери бардыгы териштирилген соң уланат. 

Мал базардын курулушу үстүбүздөгү жылдын май айнын аягында Баткен шаардык мэриясынын буйрутмасы менен «Аист-Строй» ишканасы 2 миллион 973 миң сомго куруп баштаган.

Бирок шаар тургундары курулуштун жүрүшүндө мыйзам бузуулар болуп жатканын байкап, ЖМКга кайрылган. Ал эми райондук прокуратура териштирүү иштерин баштаган.

Учурда Баткен шаарынын мэри — Имамназар Бурканов. Ал 7-июнда дайындалган. Бурканов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президент Садыр Жапаровдун жардамчысы болгон Арзыбек Бурканов менен Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы Нурланбек Буркановдун тууганы — алардын аталары бир тууган.