Бишкекте Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшү башталды

5-августта Бишкекте 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшү башталды. Бул тууралуу жүрүштү уюштурган «Эсимде» изилдөө аянтчасынан кабарлашты.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, жүрүш 5-августтан 14-августка чейин болот. Ал Чүй өрөөнүнөн жол тартып, Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей тараптарын камтып, Сырт ашууларына чейин уланат.

Жүрүштүн катышуучулары 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларына таазим кылышат.

«Жүрүштүн негизги максаттары колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда актуалдаштыруу. Бул трагедияны коомдун аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү жана бул окуяларга байланышкан эс тутум жайларын изилдөө», — деп айтылат маалыматта.

«Эсимде» изилдөө аянтчасынын маалыматы боюнча, жүрүшкө жарандык активисттердин, окумуштуулардын, медиа өкүлдөрүнүн катышаары күтүлүүдө.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.

Улуттук боштондук күрөш

Кыргыз тарыхында Үркүн деп орус падышачылыгынын бийлигине каршы Борбордук Азиялык көтөрүлүш айтылат.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Көтөрүлүштүн жүрүшүндө жана аны басууда Кыргызстанда 16 миңден ашуун адам өлгөн. 130 миңден ашууну Кытайга качып кеткен — алардын көпчүлүгү жолдо набыт болгону айтылып келет.

Башкы сүрөттүн автору: Азаттык үналгысы