«ПолитКлиника»: Исманкулов аралашкан насыя чыры Кыргызстанды «кара тизмеге» киргизди

24 жыл мурда Кыргыз улуттук университетине караштуу Медициналык борборду жабдуу үчүн алынган насыянын айынан Кыргызстан Түштүк Кореянын «кара тизмесине» түшүп калган. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасынын иликтөөсүндө айтылат.

Насыя тууралуу саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев менен жеке клиниканын директору Алмазбек Исманкуловдун ортосундагы талаш-тартыштан соң белгилүү болду.

Иликтөөдө насыянын баштапкы суммасы 8 миллион АКШ доллардан ашары, бүгүнкү күндө насыянын суммасы үстөгү менен 27 миллион АКШ долларга жетери айтылат. Журналисттер белгилегендей, медициналык жабдуулардын бир бөлүгү Исманкуловдун жеке клиникасына өтүп кеткен.

«Акыркы 20 жылдын ичинде Кыргызстан Түштүк Кореянын алдындагы инвестициялык беделин ушунчалык бузуп, калган кредиттерге терс таасирин тийгизди — тагыраагы ал жактан такыр насыя келбей калган. Ал эми кредитке алынган техника билим берүү муктаждыктарына жетпей калгандыктан, КУУнун медициналык кафедрасынын ачылышы көп жылдарга жылдырылган», — деп айтылат иликтөөдө.

Насыянын чоо-жайы

«ПолитКлиниканын» маалыматына ылайык, 1997-жылдын апрелинде КУУнун окумуштуулар кеңеши «медициналык билим берүү программаларын өнүктүрүү жана студенттерге жана окутуучуларга медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн» окуу жайга «Интергоспиталь» медициналык борборун ачууну чечкен.

Ал эми борбордун негиздөөчүлөрүнүн бири жана жеткесичи Алмазбек Исманкулов болгон. Ага кредиттик макулдашууга жана жабдууларды импорттоо үчүн бардык тиешелүү документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилген.

1999-жылдын май айында жабдуулар Кыргызстанга келе баштаган. Бирок «Интергоспиталь» расмий түрдө ачылбай, кагаз жүзүндө гана болгондуктан, медициналык аппараттар №6 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилип, Исманкуловдун көз микрохирургиясы жеке борбору тарабынан кабыл алынган.

Тергөөнүн башталышы

1999-жылдын күз айында өкмөттүн жыйынында тергөө органдарын бул ишти териштирүүнү чечкен. Иликтөөдө ошол кездеги өкмөт менен кыргыз улуттук университети «Интергоспитал» ЖЧКсы үчүн кредит төлөөдөн баш тартууга аракет кылганы айтылат.

2004-жылы кореялык Арбитраждык палата КУУну насыяны төлөө үчүн жооптуу деп табат. Ал эми мурдагы билим берүү министри Какеевге жана окулист Исманкуловго карата кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш токтотулган. Бирок насыяны төлөө маселеси чечилбей калган.

Андан соң Кореялык соода камсыздандыруу корпорациясы КУУнун кредитин төлөө жөнүндө Арбитраждык палатанын чечимин таануу жана мажбурлап аткаруу өтүнүчү менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна кайрылат. Бирок кыргыз соту маселени кароосуз калтырган.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев «ПолитКлиникага» курган маегинде Кыргызстан Кореядан чечилбеген чыр-чатактан улам насыя ала албай тургандагын ырастаган.

«[Кыргызстан насыя] ала албайт. [ ... ] Корея насыяларды башка өлкөлөргө 4-7 үстөк пайыз менен, ал эми бизге 15-20 үстөк пайыз менен берет. Анткени Кыргызстан кара тизмеде», — деп белгилеген Бейшеналиев.

Басылма анын сөздөрүн каржы министрлигинин маалыматы да тастыктап турганын белгилейт. Документке ылайык, Корея Кыргызстанга акыркы жолу 1998-жылы «Чүй облусунда телекоммуникацияларды өнүктүрүү» үчүн 12 млиллион доллар кредит берген.

Алмазбек Иманкулов эмне дейт?

Алмазбек Исманкулов «ПолитКлиника» басылмасына курган маегинде «бул маселеге эч кимдин кийлигишүүгө укугу жок» деп билдирген. Анын айтымында, бул насыя «жеке насыя» болуп эсептелет.

«Жеке насыянын Кыргызстандын рейтингине кандай тиешеси бар? Сиз юрист эмес болгондон кийин биле албайсыз. Мен дарыгермин, сиз болсо журналистсиз. Сиз укуктук жол-жоболорду билбейсиз», — деди ал.

«ПолитКлиника» басылма Исманкулов журналисттердин «кыргыз өкмөтүнүн кепилдигинде алынган медициналык техниканы колдонгонбу» деген суроого жооп берүүдөн баш тартканын белгилейт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы юристи Азамат Жумакеев Исманкулов өкмөттүн колдоосу менен алынган жабдууларды 20 жылдан ашык «жеке баюу үчүн» колдонуп келе жатканын айтат.

Ал эми Исманкулов кредитти төлөөгө даярбы же жокпу деген суроого «Ички иштер министрлиги корейлер менен чогуу келсин. Анан көрөбүз. Азыр алар биздин кадыр-баркыбызды түшүргүсү келип, 25 жыл мурунку ишти казып жатышат» деп жооп узатты.