«Таңкы алтыда эт тартылды». Бишкекке мушкер Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбик келди

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбулла Магомедов бүгүн Бишкекке учуп келгенден кийин, аларды «Арзу» ресторанында дүр-дүйүм коюлган дасторкон менен тосуп алышканы тууралуу сүрөт видеолор менен бөлүштү.

«От души, братья!» – деп ыраазычылык билдирди блогер Хасбик кыргызстандыктарга.

Бүгүн, 8-августта Бишкекке Eagle Fighting Championship (EFC 49) чемпионатына UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана блогер Хасбулла Магомедов (Хасбик) учуп келишти. Бул тууралуу EFC 49 турниринин уюштуруучулары билдиришти.

Уюмдан Нурмагомедов Eagle FC’нин президенти Шамил Завуров менен чогуу келгенин билдиришти. Турнир 10-август күнүн «Бишкек Аренасында» өтөт.

«Турнирдин сыйлуу коноктору UFC чемпиону — Хабиб Нурмагомедов жана блогер Хасбик болмокчу. EFC 49 турнириндеги жарым жеңил салмактагы эң негизги беттеш “Алай” каймана аты менен таанымал мекендешибиз Бусурманкул Абдибаит уулунун орусиялык “Ахиллес” — Расул Магомедовдго каршы бетеши болот», — деп билдиришти уюмдан.

Аэропорттон Хабиб Нурмагомедов менен Хасбикти боорсок жана нан менен тосуп алышкан.

Хабиб Нурмагомедов буга чейин, өткөн жылы Ысык-Көлдө өткөн Eagles Fighting Championship* (EFC) турнирине катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

Анда Нурмагомедовдун урматына той уюштурулуп, иш-чарага президент Садыр Жапаровдун уулу — Рустам Жапаров жана УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиевдин уулу — Таймурас Ташиев катышкан.