Бир кадр менен: Президент Жапаров мушкер Хабиб Нурмагомедов менен жолукту

Хабиб Нурмагомедов жана Садыр Жапаров. Сүрөт: Нурмагомедовдун Instagram барагы

Мушкер жана UFC’нин жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов президент Садыр Жапаров менен жолукту. Жолугушуу учурундагы сүрөттөрдү мушкер Instagram барагында бөлүштү.

«Таанышканыма кубанычтамын. Сиздердин өлкөдө EAGLE FC 38 турнирин уюштурууга көмөк көрсөткөнүңүзгө чоң рахмат. Биз эмдиги жылы мелдеш өткөрүү үчүн келебиз», — деп жазган Нурмагомедов.

Мушкер Кыргызстанга Ысык-Көлдө өткөн Eagles Fighting Championship* (EFC) лигасынын турнирине катышуу үчүн 3-августта келген.

*Eagles FC (Fighting Championship) — ММА эрежеси боюнча өтүүчү мушкердик лига. Промоушендин президенти жана ээси Хабиб Нурмагомедов.

Нурмагомедовду адаттагыдай эле аэропорттон сый конок катары тосуп алышты. Кийин анын Instagram барагы аркылуу мушкердин урматына дасторкон жайылганы белгилүү болгон.

Инстаграмдын тарыхчасындагы Нурмагомедов жарыялаган роликте президенттин уулу Рустам Жапаровду жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевди көрүүгө болот. Тай-Мурас Ташиев — Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты.