Темирлан Султанбеков бийликти Азиз Батукаевди экстрадициялоого чакырды

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге ачык кайрылуу жасады.

Султанбеков бийликти кримтөбөл Азиз Батукаевди Кыргызстанга экстрадициялоо ишин Башкы прокуратурага тапшырууга чакырды.

«Батукаев 2017-жылы Кыргызстан менен Орусиянын башкы прокурорлору Индира Жолдубаева менен Юрий Чайка сүйлөшкөн жазаны өтөшү үчүн [экстаридияланышы керек]. Башкы прокуратурага Батукаевдин ишин кайрадан кароо үчүн Жогорку сотко өтүнүч келтирүү тапшырмасын берүүнү суранам», — деп жазды Султанбеков.

Андан тышкары, саясатчы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын эркинен ажыратуу менен байланышпаган башка чарага өзгөртүү өтүнүчүн келтирди. Ал Атамбаев Батукаев боюнча козголгон жасалма кылмыш ишинин айынан абакта жатканын белгиледи.

Султанбеков Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге Азиз Батукаевди Кыргызстанга кайтаруу боюнча расмий кайрылуу жибергенин белгиледи.

«Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде, 2017-жылдын башында Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева менен жолугушуп, Азиз Батукаевди экстрадициялоого даяр экенин билдирген», — деп эскертти ал.

Саясатчынын айтымында, «Индира Жолдубаева Батукаевди Кыргызстанга кайтаруу боюнча Орусиянын башкы прокурорун коомчулук алдында макул кыла алган, бул нерсе ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун кыжырын келтирип, ал парламентке Жолдубаеваны кызматтан алууну сунуш кылган».

«Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган кезде бардык мамлекеттик органдар, биринчи кезекте башкы прокуратура Азиз Батукаевди экстрадициялоо ишин токтоткон, анткени кыргыз түрмөсүнө Батукаевдин кереги жок болчу. Ал бийлик көпкө кыйналып издеген жүйөө гана болуп калды», — деп жазды саясатчы.

Батукаевдин иши

2021-жылдын октябрында Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш ишин кайра карай турганын билдирген.

Жаңы токтомдо Жогорку сот 2020-жылдын 30-ноябрында өзү кабыл алган чечимди жокко чыгарган. Анда сот Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата кабыл алган айыптоочу өкүмүн жокко чыгарып, ишти райондук сотко кайра кароого жиберген. Бул инстанциялар Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуудагы коррупция боюнча күнөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл 2013-жылы лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон. ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөгө келбей койгон.

Кийинчерээк бул Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясындагы штрумга себеп болгон. Эки күндүк каршылык көрсөтүүдөн кийин, күч кызматкерлери Атамбаевди кармашкан. Атайын операция учурунда бир спецназ каза болуп, 100дөй киши жаракат алган.

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иштин калган фигуранттары айыпка жыгылышкан.