Алмазбек Атамбаевдин Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иши кайра каралат

Жогорку сот 30-ноябрда «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча ишти кайра кароого жөнөттү. Буга чейин Биринчи май райондук соту жана Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бул иш боюнча 11 жылга эркинен ажыраткан.

«Жогорку соттун коллегиясы Азиз Батукаевди колониядан бошотуу боюнча ишти карап чыкты. Соттук отурумда биз — Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары, буга чейинки соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүүнү өтүндүк. Бул өтүнүч канааттандырылды», — деп билдирди мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев.

Эми Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иш Биринчи май райондук сотунун судьяларынын жаңы курамында каралат.

Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл 2013-жылы лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөгө келбей койгон.

Натыйжада укук коргоо органдары Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин багынып берген.

Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан. Атамбаев өзү УКМКнын тергөө абагында камакта отурат, ага штурмдан кийин бир катар айыптар тагылган.

Ал эми бул ишке тиешеси бар делген башка аткаминерлер тергөө менен кызматташууга барып, айыпка жыгылышкан.