Жалал-Абадда Орусиянын жаранынан пара талап кылган мамлекеттик нотариус кармалды

Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик нотариалдык конторанын өкүлү 250 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтан шектүү батирди мураска өткөрүп берүү процессин тездетүүнү убадалап, Орусиянын жаранынан 3 миң АКШ долларын талап кылганын белгилешти.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Милиция шектүүгө карата «Опузалап пара алуу» беренеси менен иш козгоду. Ал эми Жалал-Абад шаардык соту кармалган адамды Юстиция министрлигине караштуу жайга камакка алуу чечимин чыгарды.

УКМК бул иш боюнча тергөө иштери уланып жатканын белгиледи.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси 100 миң сомдондон ашык келишимге макулдашып, акча алып жатканда кармалган. Анын жасалма документтерди колдонуп мал-жандыктарды экспорттоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүүгө тиешеси бар экени аныкталган.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия 88 упай менен биринчи орунга чыгып, коррупциянын денгээли эң төмөн мамлекеттердин катарына кирген.

Тема боюнча:

Жалал-Абад: Жасалма документ колдонуп мал-жардык экспорттогон коррупциялык схема аныкталды